Жигиттер аттангыла

Википедия дан

Шарттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 6—16 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер, аянтча, спорттук бөлмө,

Оюнга камчы колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи шайланат, калган оюнчулар колдоруна камчыларын алышып бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө макулдашып алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар жетекчинин «Жигиттер, аттангыла! деген буйругу боюнча колдорундагы камчыларын ат чаап бараткан кыймылды туурашып, «секиришип», аралыктан бат өтүүгө аракеттенишет. Оюн 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи келген оюнчу жеңет.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Буйруктан мурда баштоого, аралыкты толук өтпөй коюуга, бир бирине тоскоолдук кылууга жарабайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]