Жийделик кыштагы

Википедия дан

Жийделик кыштагы Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Нариман айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 950 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 18 км түштүк тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 3 км. Кыштак 1940-ж. негизделген. Калкы 4399 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана клуб, мончо, ФАП бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1