Жиптик

Википедия дан
Жиптик
Мүнөздөмө
Узундугу 24 км
бассейндин аянты 185 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Баткен облусу
Район Баткен району

ЖиптикБаткен районунундагы суу, Кайыңды суусунун негизги куймасы.

Алай кырка тоосунун түн. капталынан агып түшөт. Узундугу 24 км, алабынын аянты 185 км2. Алабынын деңиз деңг. орт.бийикт. 3800 м. Ж. суусу Щуровский мөңгүсүнөн башталып, адегенде түндүк-батышты, анан батышты карай агып, Миңтеке суусу менен кошулгандан кийин Киндик деп аталат. Терең кокту аркылуу шар агат. 7 куймасы бар. Суу куралуу облусуна кирет. Жылдык орт. чыгымы Щуровский мөңгүсүнөн 6 км төмөн 1,46 м3/сек, төмөнкү бөлүгүндө 2–3 м3/сек. Эң көп чыгымы июнь – июлда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Өрөөнү жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2