Жукеев Табылды

Википедия дан

Таабалды Жукеев-(1882-1930)

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз эмгекчилеринен чыккан революционер-большевик жана интернационалист.
1882-жылы Каракол уездиндеги Жети-Өгүз болушунда (азыркы Көк-Мойнок кыштагында) туулган.
1899-жылы аны Анжиянга мал базарга келген кожоюну таштап кеткен. Т. Жукеев кийин Ташкенге келип, темир жолдо иштеген, Александр Александрович Пудовкин деген жашыруун ат алган.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1905-1907-жылдардагы биринчи орус буржуазиялык-демократиялык революциясы учурунда Ташкен, Кызыл-Арбат, Красноводск шаарларында жумушчу кыймылына катышкан.
1907-жылы октябрда Ташкенде шаардык полициянын башчысына кол кайыргандыгы үчүн камалып, өлүм жазасына тартылган.
Өлүм жазасы 15 жылдык сургун менен алмаштырылган.
Түрмөдө күзөт тынчысын өлтүргөндүгү үчүн сургун мөөнөту 30 жылга узартылган.
Ташкен, Саратов, Варшава жана Нижний-Новгород түрмөлөрүндө олтурган.
Түрмөдөн февраль революциясынан кийин бошогон.
1918-жылы өз ыктыяры менен Кызыл-Армиянын катарына өтүп,Урал областында конрреволюцияга каршы күрөшүү боюнча атайын комиссияда иштеген.
1919-жылы Түштүк фронтундагы 22-аткычтар дивизиясынын 197-мусулмандар полкунун комиссары болгон.
Крым менен Кавказды ак гвардиячылар менен интервенттерден бошотууга катышкан.
1920-жылы июлдан Түркстан фронтунун оперативдик жашырын бөлүмүндө,1924-жылдан Кыргызстанда советтик, чарбалык жана башка кызматтарда иштеген.
1930-жылы дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы"Б,2003