Жумабаев Белек

Википедия дан

Жумабаев Белек (1939, Жети-Өгүз району, Жети-Өгүз айылы —1977, Фрунзе шаары) — графикачы, живописчи. Ж. цинкография техникасында Саякбай Карала уулунун “Тулпарлар” (1965), “Баатырлар, айымдар” (1969) китептерин көркөмдөгөн. Эпикалык баатырлардын Аккула , Сарала, Тайтору, Алгара жана башкалар тулпарларынын сын-сыпат, образдары жогорку көркөмдүктө иштелген жана эпостун Манас, Каныкей, Бакай , Сейтек , Айчүрөк , Сайкал жана башкалар негизги каармандарынын портреттеринин галереясын түзгөн. Ж-дин чыгармачылыгы жогорку көркөм табити, чыгармачылык фантазиясынын байлыгы менен айырмаланат.

Ал эпостук образдар аркылуу улуттук мүнөздү ачууга аракеттенген. Ж. “Тулпарлар” аттуу китептин жасалгасы үчүн 1965-ж. Орто Азия жана Казакстан республикаларынын конкурсунда 1-чи даражадагы, Бүткүл Союздук конкурста 2-чи даражадагы диплом менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4