Сарала

Википедия дан

Сарала Алмамбеттин жоого минген жана байгеге чапкан тулпары. Эпосто тулпар менен анын ээсинин ортосунда магиялык жагымдуу байланыш бар экени чагылдырылган. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Алмамбет менен С. бир күндө төрөлүп, экөө тагдырлаш болуп сүрөттөлөт. Азизкан баласына ат койдурган убакта анын жылкысынан Тору бээ С-ны тууйт. Эпосто бул жөнүндө Алмамбеттин сөзү аркылуу:

Ошол кезде Тору бээ

Сараланы тууптур,

Кунан кезде куушкан,

Курдашым тулпар Сарала,

Мени менен бир күнү

Бу да бирге туушкан (Саякбай Каралаев, 2. 106), — деп С-нын эпикалык таржымалы берилет. Ал эми Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манастын аты Аккула менен С. экөө бир энеден туулат дагы, Манас С-ны Алмамбетке тартуулайт. Манас менен Алмамбет эмчектеш бир тууган болгондой эле алардын минген аттары да тууган болушу аркылуу бул баатырлардын тагдырлаш, бири үчүн бири жаралганына басым жасалат.

С-ны сыпаттаганда Манасчылар анын өзгөчө чарчабас-чаалыкпастыгына айрыкча көңүл бөлүшөт. С.— Алмамбеттин чыныгы жолдошу.

Саякбайда Аккуланы байгеге кошуп жиберген Манас С-ны минип Коңурбай менен сайышканы чыгат. Сагымбайда Манас Алмамбетке чалгынга каалаган атыңды минип бар десе, С-дан ажырабайм деп болбой коёт. Ал адамдык касиетке ээ болгон же сүйлөй алган ат эмес. Манасчылар эпостун жалпы духуна байланыштуу С-ны ар кандай укмуштуу касиеттер менен жабдышпайт. Болгону чаалыкпас күлүк ат катары сыпатталат да, көркөм апыртуулар аркылуу образы элестүү ачылат. Мисалы, Кичи казатта окко учкан Алмамбеттин сөөгүн аманат кылып жүктөп бергени боюнча С. нечен кыйынчылык менен Ат-Башыдагы Чеч-Дөбөгө алып келип Бакайга тапшырат. Бул С-нын образында сакталып калган магиялык касиеттин дагы бир элементи. Бирок, кээ бир баатырдык эпостордогу укмуштуу аттарга салыштырганда С. кийинки доорлордогу кадимки эле реалдуу күлүк аттарды элестетет.

Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Алмамбеттин сөөгүн койгондо анын кара ашына С. союлат:

Чеч-Дөбө жонун ойду дейт,

Азизкандын жалгызын

Чеч-Дөбөгө койду дейт.

Ошондо Сараланы сойду эми (Саякбай Каралаев, 2. 227), — деп айтылат.

Байыркы мезгилде өлгөн адам менен бирге курал-жарагын, жоого минген атын жана аялын өлтүрүп кошо көмүшкөн. Эпикалык аял каармандардын күйөөсүнүн артынан өлүшү эң байыркы мотивдердин бири. Түрк элдеринин көпчүлүгүнө белгилүү мотив «Манас» эпосунда жаңыча талкууланып, жумшартылган түрдө С-нын образына байланыштырылып берилген. Алмамбетти койгондо анын арбагына багышталып С-нын союлушу өлгөн адамды коюу жөнүндөгү байыркы мотивдин эпос чагылдырган кийинки доорлордун үрп-адатына, каада-салтына ылайык трансформацияланган түрү болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4