Жума Жамгырчиев

Википедия дан

- кыргыз акын. 1929-жылы Фрунзедеги педагогикалык техникумду аяктаган соң эл агартуу комиссариатында иштеген. 1931-жылы «Кыргызмамбастан» ырлар жыйнагын чыгарган. 1935-жылы Жалал-Абад педтехникумунун директору. Ошол эле жылы Ош областындагы советтик-партиялык мектепте мугалим болгон. 1937-1939-жылдары Өзбек ССРинин Анжиан шаарындагы кыргыз-уйгур мектебинде мугалим, 1941-жылы Тоң районундагы М.Горький атындагы мектепте мугалим болуп жүрүп 1942-жылдын аягында майданга аттанып 1944-жылы согушта курман болгон.