Жыламыш (суу)

Википедия дан
Жыламыш
Мүнөздөмө
Узундугу 28 км
бассейндин аянты 186 км²
Суу агымы
Аягы Чүй
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Чүй облусу
Район Сокулук району

ЖыламышСокулук районундагы суу. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталынан башталып, Чүй дарыясына жетпей сугатка таралат.

Алабынын аянты 186 км2, узундугу 28 км. Алабында жалпы аянты 0,05 км2 келген 3 көл бар.

Жогорку агымында Жыламыш кууш капчыгай аркылуу шар агат (агымынын ылдамдыгы 2—3 м3/сек).

Тоодон чыга беришинде өрөөнү кеңейип, салааларга бөлүнөт.

Жылдык орточо чыгымы 1,28 м3/сек.

Майда кире баштап, сентябрда тартылат.

Негизинен кар, мөңгү, булактардан куралат.

Жээгинде Жыламыш, Ысмайыл, Кызыл-Туу кыштактары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз совет энциклопедиясы, 2 том. Башкы редактору Б. Ө. Орузбаева. Фрунзе — 1977.