Заара агуучу түтүк

Википедия дан
Табарсыктын, жыныстык мүчөнүн жана уретранын түз кесилиши.

Заара агуучу түтүкбөйрөк менен табарсыкты кошуп туруучу түтүк орган.

Ал аркылуу бөйрөктө иштелип чыккан заара табарсыкка өтөт. Анын узундугу 30 смдей болот. Заара аккычтын үч кууш жери бар. Заара аккыч үч катмардан турат: эң сырткы катмары — бириктиргич ткань кабыкчасы, эң ичкиси — былжырлуу кабыкча. Булардын ортосунда булчуң кабыкчасы бар. Булчуң катмары узунунан жана туурасынан кеткен жылма булчуң талчалардан турат. 3аара агуучу түтүктүн табарсыкка куйган жериндеги узатасынан кеткен булчуңдуу катмары зааранын табарсыкка өтүүсүнө көмөктөшөт.


  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8