Заманачылар

Википедия дан

Заманачылар - XIX к. ортосу - XX к. башында кыргыз коомундагы саясий жана философиялык ойдун өнүгүшүндөгү өзгөчө бир агым.

Сулайман Бакырган менен Кожо Акмат бул агымдын негиздөөчүлөрүнөн болгон деген пикир бар. 3аманачылардын курамы ойчул-акындардан турган. Өз ырларында акыр заман, кыямат кайым, зар-заман маселелерин чагылдыргандыгына байланыштуу алар Заманачылар деп аталышат.

Заманачылардын негизги ырлары, ой-чабыттары өз мезгилиндеги коомдук, саясий турмушту, андагы карама-каршылыктарды ачып көрсөтүүгө жана жакынкы жана алыскы келечекке көз жүгүртүп, келечектеги коомдук түзүлүштү, андагы кыргыздардын ээлей турган ордун, ролун сүрөттөп, ачып берүүгө арналган. Ошондой эле Заманачылардын чыгармаларынан өнөргө, илим-билимге, улууну кадырлоого, жакшы каада-салттарды унутпай сактоого жана улантууга, эмгекчилдикке үндөгөн, ач көздүктү, залимдикти айыптаган мүнөздөгү ой-мурасты көрүүгө болот. Заманачылар жалпы эле Борбордук Азия жана Чыгыш Түркстандагы мусулман калктарынын жазма жана оозеки адабиятына, саясий философиялык нугуна мүнөздүү чыгармаларды жаратышкан.

Заманачылардын өздөрүнүн акындык өнөрү, философиялык ой мурасы менен Токтогул, Барпы, Тоголок Молдо ж. б. демократ акындарга олуттуу таасир тийгизген. 3-дын көрүнүктүү өкүлдөрүнө Калыгул Бай уулу (1785-1855), Арстанбек Буйлаш уулу (1824-1878), Молдо Кылыч Шамыркан уулу (1868-1917), Нур-молдо, Молдо Нияз, Жеңижок, Алдаш-молдо ж.б. кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8