Заманчыл ырчы

Википедия дан

Заманчыл ырчыкоомдук өнүгүштүн көрүнүштөрүн, бийликти, анын салыштырмалуу абалын ырдаган ырчы. Андай ырчылар бийликтин адилетсиздигин, эл турмушундагы терс көрүнүштөрдү ырдоо менен замандын ал-абалын баалашкан.
Замандын абалын ырдоо орто кылымда жашаган ырчыларда деле болгон. Бирок алардын көпчүлүгү диндеги, коомдогу, адамдардын жүрүм-турумундагы жалпы эрежелерге кайчылаш келген көрүнүштөрдү акыр замандын белгилери катары эсептешкен жана ошол мазмунда ырлар жазышкан. Сыягы алардын (Ахмет Ясави, Сулайман Бакыргани) ыр китептери түрк тилдүү элдерде кеңири белгилүү болуп, кыргыз ырчыларына да жеткен.
Кыргыз ырчылары да заман, коом жана адам жашоосундагы көйгөйлүү маселелер жөнүндө ырдап келишкен. Бирок совет мезгилинде Калыгул,Арстанбек, Молдо Кылыч сыяктуу ырчыларды “заманчыл ырчылар”, “замана агымынын өкүлдөрү” деп, эски заманды эңсегендер катары айыпташкан.
Эгемендүүлүктүн шартында алардын ырлары кайрадан чыгарылып, адилет изилдене баштады.



П. Ирисов Ырчылар чыгармачылыгы Б. 2004