Зубатовчулук

Википедия дан

Зубатовчулук - 20-кылымдын башында Орусыядагы жумушчу маселесинде падыша өкмөтү туткан саясат.

Полициянын жашырын көзөмөлү менен иштөөчү легалдуу жумушчу уюмдарын ачып, жумушчулардын саясий күрөшүн экономикалык гана талаптарга бурууну көздөгөн. Пролетариаттын экономикалык күрөшүнүн саясий күрөшкө айлануу, анын аң-сезими жана биригүү дилгирлиги стихиялуу өсүү кырдаалында чыккан Зубатовчулук падыша өкмөтүнүн массалык революциялык кыймылга каршы күрөшүнүн алда канча ийкемдүү жолун табуу аракети болгон.

Зубатовчулук Москва күзөт бөлүмүнүн начальниги С. В. Зубатовдун демилгеси боюнча биринчи жолу 1901-ж. майда Москвада «Механикалык өндүрүштө жумушчулардын өз ара жардамдашуу коому» деген ат менен түзүлгөн. Ошол эле жылы жайында Минск, Вильнюс, 1901-03-ж. Петербург, Киев, Харьков ж. б. шаарларда зубатовчул уюмдар, топтор иштей баштаган. Ал коомдордун жыйындарында айлык акыны жогорулатуу, жумуш күнүн кыскартуу ж. б-ларга жетишүү маселелери талкууланган. Жетекчилеринин демагогиялык билдүрүүлөрүнөн улам революциялык басма сөз Зубатовчулукту «полициялык социализм» деп атаган.

Революциячыл с.-д. «Искра» Зубатовчулукка каршы аёосуз күрөшүп, жумушчуларга анын чагымчыл маанисин түшүндүргөн. В. И. Ленин Зубатовчулук өкмөттүн жана капиталисттердин өзүнө каршы багытталарын алдын ала керген. Чынында эле зубатовчу уюмдар баштаган иш таштоолордун көбү революциячыл социал-демократтардын агитациясынын таасири менен саясий чыгууларга айланган. Акыры өкмөт Зубатовчулуктан баш тарткандыктан 1903-ж. жайында анын уюмдары жоюлган,

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.