Ибибио

Википедия дан
Ибибио

Ибибио салттуу кийимде
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 11 млн
 Нигерия — 10 млн
 Камерун
 Гана
🇬🇶 Экватордук Гвинея
 АКШ
 Улуу Британия

Тили

ибибио

Дини

христиандар,
жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

негроид

Тууган элдер

бенуэ-конго элдери

Майрамдык кийимдерди кийген Ибибио бийчилеринин тобу

Ибибио (агбишера) – эл. Нигериянын түштүк-чыгышында (Кросс-Ривер жана Аква-Ибом штаттарында), ошондой эле Камерунда жана Экватордук Гвинеяда жашайт[1].

Жалпы саны 11 миллиондон ашык адам. Басымдуу көпчүлүгү Нигерияда жашайт.

Тил[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ибибио тилинде жана анын эфик диалектисинде сүйлөшөт. Көпчүлүк англис тилин билет.

Дин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көпчүлүгү христиандар, бирок салттуу ишенимдердин жактоочулары да бар. Салттуу культтар – жаратылыштын рухтары (ндем), ата-бабалар, эң жогорку жаратуучу кудай Абасси.

Чарбалык иштер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кол менен иштетилген айыл чарбасы өнүккөн. Күрүч, ямс, маниок, жүгөрү, банан, какао, каучук, жержаңгак, кокос өстүрүлөт. Ошондой эле мал чарбасы (чочко, үй канаттуулар) жана балык уулоо да маанилүү.

Кол өнөрчүлүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көркөм кол өнөрчүлүк: токуу, жыгачтан оюу, шуру менен тигүү, геометриялык формадагы томпок жана "чачтуу" маскаларын чыгаруу.

Турак жай[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Турак жай тик бурчтуу, өрүлгөн дубалдын сырты жана ичи чопо менен капталган[2].

Коом[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коомдук уюм тукумдардан жана чоң үй-бүлө жааматырынан турат. Салттуу эркектер жана аялдардын союздары сакталып калган. Эгиздөө системасы кеңири таралган.
Нигериянын саясий жана бизнес элитасынын арасында ибибио элинин көптөгөн өкүлдөрү бар.

Уруу топтору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ибибио уруу топторуна жана өзүнчө урууларга бөлүнөт:

  • Чыгыш (ибибио өздөрү) — 25 уруу;
  • Батыш (ананг) — 14 уруу;
  • Түндүк (эньонг) — 2 уруу: нкалу жана окун;
  • Түштүк (экет) — 2 уруу: окобо жана орон;
  • Дельта (андони-ибено) — ибино;
  • Дарыялык (эфик).

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы ибибио топтору ар кандай миграциялардын жана ассимиляциялардын натыйжасында түзүлгөн. 15-кылымдан баштап деңиз жээгиндеги уруулар европалыктар менен байланышып, кул соодасында ортомчуларга айланган, анын эң маанилүү борборлорунун бири Калабар шаары болгон.

Галерея[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Nwed Abasi ke Iko Ibibio Ayo Mfin - Ufa Edioomo
Экпонун атайын "жаман" бет маскасы
Маска

Дагы окуңуз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. OUR STORY. Indigenous People of Biafra USA. (англисче)
  2. Ибибио. Дүйнө элдеринин энциклопедиясы. (орусча)

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]