Иваницын Алексей Илларионович

Википедия дан

Иваницын Алексей Илларионович (1870-1925)- Кыргызстанда Кеңеш бийлигин орнотуу үчүн курөшкөн революциячыл ишмер.
Пишпекте туңгуч большевиктер уюмун түзгөн. Орусия Коммунисттик (большевиктер) партиясынын Пишпек уезддик - шаардык комитетинин биринчи катчысы.
Иваницин Одессада өтүкчүнүн үй-бүлөсундө туулган. Адегенде слесарга шакирт, 1890-жылдан кемеде машинист, 1898-жылы Керчь металлургия заводунда, 1904-жылдан Николаев шаарында верфте токарь болуп иштеген. 1905-1907-жылдагы революцияга катышкан. 1906-жылы бугу (май) айында Архангельск губерниясына сүргүнгө айдалган. 1911-жылы сүргүндөн бошоп, 1913-жылы Кишинёв шаарындагы кол өнөрчүлөр мектебинде мугалим болуп иштеген; кийин Одессада жашаган. 1916-жылы Пишпекке келип, Чүй сугат системасынын курулушунда иштеген. Ошол учурда Пишпекте большевиктер менен байланыш тузуп, 1917-жылы тогуздун айынында (октябрь) өзү эмгектенген курулушта большевиктердин жашыруун тобун түзгөн. Ал топ 1917-жылдын аягында Пишпек большевиктери менен иш жүргузгөн. 1918-жылы чын куран айынында (апрель) түзүлгөн Орусия коммунисттик партиясынын Пишпек уезддик-шаардык комитетинин катчысы болуп шайланган. 1919-жылы партиялык тапшырма боюнча Ысык-Көлгө барып,"Новая жизнь" айыл чарба коммунасын уюштурган. 1920-1924 жылдары Верныйда дубандык көзөмөл комиссиясында иштеген. Кийин Ташкен дубандык сотунун төрагасы болгон. Тап душмандарынан колдуу болуп өлгөн.