Ивановка кени

Википедия дан

Ивановка кени. - Чүй өрөөнүнүн Ысык-Ата районундагы курулуш куму чыгуучу жер. Ивановка кыштагынан 8км түштүк тарапта, Ысыката суусунун боюнда. Кен бири-биринен көп алыс эмес аралыкта жайгашкан 3 участкадан турат. Кен аймагын антропоген мезгилинде пайда болгон кум-шагылдуу аллювий чөкмө тектери түзөт. Кумдун өңү боз, саргыч боз. Курамында кварц 70%, талаа шпаты23%, слюда 0,5% ке чейин . Ивановка 1 жана Ивановка 2 участкаларындагы кумду ”100” маркасындагы силикаткирпичине, Ивановка 3участкасынын кумун бетонго жана курулуш шыбактарына пайдаланууга болот. Жалпы запасы 68 557,5 миң м. Кен карьер түрүндө казылып, Ивановкадагы жана Бишкектеги кирпич заводдоруна жиберилет.