Ильин, Иван Александрович

Wikipedia дан
Iljin02.jpg

Иван Александрович Ильин (28 марта (9 апреля) 1882 — 21 декабря 1954) — эң көрүнүктүү орус философу, саясый ойчул, маданият менен диндин теоретиги жана тарыхчысы.

Кыскача өмүр баяны[оңдоо]

Москвада туулуп, Москва университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн, андан кийин Германияда окуусун аяктаган соң, ошол эле Москва университетинде сабак берген. Анын илимий ишмердиги «Гегелдин философиясы Кудайдын жана адамдын конкреттүүлүгү жөнүндөгү окуу» деген эмгегин жазуу менен аяктайт. Бул эмгек магистрлик диссертация катарында сунуш кылынып, бул эмгеги үчүн ал философиянын доктору деген даража алат. Революциядан кийин жаңы түзүлүшкө каршы идеялык күрөшкө катышып, көп жолу камакка алынат. 1922-жылы өлүм жазасына өкүм кылынат, бул өкүм кийин аны Советтик Россиядан кууп жиберүү менен алмашылат. 1934-жылга чейин Берлинде жашап турат, нацисттер бийликке келгенде Швейцарияга кетүүгө аргасыз болот.

Ильиндин негизги эмгектери[оңдоо]

Ильиндин негизги эмгектери төмөнкүлөр: «Философиянын диний мааниси» (1924), «Жамандыкка күч менен каршылык көрсөтүү жөнүндө» (1925), «Руханий жаңылануу жолу» (1935), «Диний тажрыйбанын аксиомалары» (1953) «Биздин милдеттерибиз» (1956).

Эмиграцияда жүргөндө басып чыгарган китептеринин бири — «Жамандыкка күч менен каршылык көрсөтүү жөнүндөгү» эмгек, мында ал коомдун турмушунун бардык мезгилдеринде курч социалдык мааниге ээ болгон маселелерди коёт, алар: жамандыкка каршы кандайча күрөшүү керек? жалпы эле жамандыкка каршы күч колдонууга болобу? жамандыкка каршы күрөштө, мамлекет да күч колдоно алабы? — деген маселелер.

Ильин Лев Толстойдун жамандыкка каршы күч менен каршылык көрсөтпөө жөнүндөгү теориясына кескин каршы чыккан. Жакшылык жана жамандык түшүнүктөрүн философиялык көз караштан карап чыгып, Ильин жамандыкка каршылык көрсөтүүдө белгилүү бир кырдаалда жана белгилүү бир чектерде күч колдонууга жана мажбурлоого жол берүүгө болот деген корутундуга келет. Ильин күч колдонууну актабайт, бирок, башка каражаттар калбаган учурда аны аргасыздык деп табат.

Жамандыкка каршы күрөш жолун тандап алуу ар кимдин инсандык парзынын адептик проблемасы болуп саналат. Кандай жолду тандап алууну ар ким өзү чечүүгө тийиш. Бирок ар бир конкреттүү окуяны жалпылоочу философиялык мамилеге алып баруу — бул таптакыр туура эмес нерсе, бул жерде Л.Толстой терең жаңылышат. Албетте, адеп-ахлактын тазалыгы үчүн, инсандын да, коомдун да таламдары үчүн жамандыкка жакшылык жана сүймөнчүлүк менен каршы туруу алгылыктуу болгон конкреттүү окуялар кезигет, бирок, кээде ошол эле инсандын, коомдун таламдарынын урматы үчүн мажбурлоо, күч колдонуу алгылыктуу болгон кырдаалдар да болот. Коюлган суроого философиялык жооп: бул суроого ар бир конкреттүү кырдаалга байланыштуу ар түрдүү жооп болушу мүмкүн дегендикте турат.

Ильиндин эстелиги

Жамандыкка каршы күрөшүү жөнүндө[оңдоо]

Албетте, Ильин жамандыкка каршы күрөш — бул баарынан мурда адептик тарбия, руханий таасир экендигин эң сонун түшүнгөн жана ал бул жөнүндө жазган. Ошондуктан күч колдонуу жана мажбурлоо — белгилүү бир компромисстик көрүнүш болуп саналат, мында күч жамандыкты оңдоонун негизги усулу эмес экендиги, бирок кээде мындан башка арга жок экендиги моюнга алынат. Ильин мындай деп суроо берет. «Эгерде жамандыкка каршы күрөштө күч колдонууга караганда эркелетүү, көндүрүү, ынандыруу же уяткаруу жана ыйманга чакыруу таасирлүү же алда канча таасирлүү болсо анда мен жамандыкка күч менен каршы турсам болобу?». «Жооп,— деп жазат Ильин,— күмөндүү, албетте андай кылууга болбойт». Ильин буга окшогон суроолордун башка түрлөрүн да карап чыгат. Бирок мунун баары өзүнөн өзү белгилүү таң болгон жооптор. Ал мындай деп жазат: «проблеманы туура коюу суроонун таптакыр башка формуласын берет, атап айтканда, эгерде мен чыныгы кара санатайлык кылмышты же бир нече чыныгы кара ниет кылмыштын болуп жатканын көрүп туруп, аларды дил — руханий жактан таасир берип токтотууга мүмкүн эмес болсо, ал эми мен өзүмдөгү гана эмес, өзүмдөн сырттагы теңирлик жакшылыктын башаты менен өз эрким жана сүйүүм аркылуу чыныгы байланышкан болсом,— анда мен өзүмдөн жоопкерчиликти алып салып, четке чыга берип, кара ниетке маскаралоосун жана дилди карартып бузуп жатканына жол беришим керекпи, же коркунучка, азапка, өлүмгө, аң-сезимлүү түрдө бет алып, кала берсе өзүмдүн жеке такыбаалыгымдын басынтылышына, көрдолушуна кайыл болуп, кара ниет кылмышты токтотуу үчүн күч менен кийлигишүүм керекпи?» [Шексиздикке карай жол. М., 1993. 40, 41-6.].

Ильин жамандыкка каршы туруу проблемасын чечүүдө мамлекеттин ролу жөнүндөгү маселеге да токтолот. Ал жамандыкка каршы күрөштө мамлекеттик машинага таянууга болот жана а түгүл таянуу керек деп эсептейт. Толстойчулукка каршы Ильиндин кескин айтылган сын сөздөрү дал ошол Толстойлук идеологиянын социалдык турмушта мамлекеттик башталыштын ролун басмыртталышына таасир көрсөткөндүгү менен байланыштуу айтылган.

«Руханий жаңыланууга карай жол» деген китебинде Ильин борборунда инсандын руханий өнүгүш маселелери жана аны өркүндөтүү проблемалары турган көз караштарын баяндайт. Ал инсандын руханий бейнесин түзгөн: ишеним, сүйүү, эркиндик, ар-намыс, үй-бүлө, ата-мекен, укук жана башка негизги түшүнүктөрдү карап чыгат. Ишеним жана сүйүү Ильин үчүн адамдын эң маанилүү, түбөлүктүү жана сөзсүз түрдөгү руханий негизи болуп саналат. Алар социалдык организмдин эң маанилүү социалдык ячейкасы болгон үй-бүлө аркылуу бекемдейт. «Адам өзүнүн турмушунда эң башкы деп кабыл алган жана сезген нерсеге ишенет. Сен турмуштагы өзүң үчүн эң маанилүү болгон нерсени айтып берсең, мен сенин эмнеге ишенериңди айтып беремин» [Ошонун өзүндө. 136-6.].

Сүйүү - руханий жаңылануунун принциби[оңдоо]

Сүйүү да руханий жаңылануунун башкы принциби болуп саналат. «Кайсы жерде сүйүү болсо, ошол жерде кайдигерлик, шалакылык, экстенсивдүүлүк жоголот да, адам чыйрак жана жыйнактуу боло баштайт, анын көңүлү жана мүдөөсү бир гана мазмунга, атап айтканда өзү сүйгөн мазмунга топтоштурулат; мында ал интенсивдүү боло баштайт, анын жан дүйнөсү чыңалып, жалындап күйөт. Сүйүктүү мазмун,— мейли ал адам болобу, же сүрөттөрдүн коллекциясы болобу, же музыкабы, же сүйкүмдүү тоолорбу, — жан дүйнөнүн жаркын очогу, турмуштагы эң маанилүү нерсе, анын башкы предмети болуп калат» [154-6.]

Китептин аягына берилген акыркы сөздө инсандын руханий өнүгүшүнүн, анын руханий жаңылануусунун негизги мерчемдүү учурларын ачып көрсөтүп, Ильин бул руханий жаңылануунун жолдорун белгилейт:

  1. Ишене билүүгө үйрөнүү керек...
  2. Мындай ишенимге сүйүү, асылдыкты руханий сүйүү аркылуу жетишүүгө болот...
  3. Биз эркиндикке үйрөнүүгө тийишпиз. Анткени, эркиндик дегенибиз турмуштагы ыңгайлуулук, же жагымдуулук, же «бошонуу» жана «жеңилденүү» эмес, — бирок ал ашкере кыйын маселе, муну ички дүйнөң аркылуу жеңүүгө болот. Эркиндик дегенибиз бул жүк, аны жерге түшүрбөй, өзүң да ага басылбай, көтөрүп алып жүрүү керек. Өзүңдү эркиндикке тарбиялашың керек, эркиндикке баргыча бышып, жетилүү керек, болбосо ал азгырыктын жана өлүмдүн булагына айланат... Бирок эркиндиктин алгачкы көрүнүшү ак ниеттүү иш аркылуу ачылат... Ал эң жогорку кубанычты, жакшылык иштерде эркин болуу кубанычын берет...

5. Биз өзүбүздүн үй-бүлөлүк очогубузду урматтоого, сүйүүгө жана аны кура билүүгө үйрөнүүгө тийишпиз — бул сүйүүнүн, ишенимдин, эркиндиктин жана ыймандын башкы табийгый уясыз: ата мекендин жана улуттук турмуштун зарыл жана ыйык уясы.
6. Биз руханий патриотизмге үйрөнүүгө тийишпис... Биз өзүбүздүн улуу, руханий улуу улут болууга болгон ыйык укугубузду бекемдешибиз керек.
7. Чыныгы улутчулдук бул жогорулоодогу акыркы баскыч сыяктуу [287-288-6.].

«Шексиздикке карай жол»[оңдоо]

Жогоруда саналып өткөн принциптер — «адамдын жердеги турмушунда ага зарыл керектүү руханий бытиенин түбөлүк негиздери».

Ильиндин башка бир «Шексиздикке карай жол» деген эмгеги да руханий өнүгүү проблемасына арналган, бул китептин үстүндө ал көп жыл бою иштеп, өлөрүнө жакын калганда бүткөн. Мында ал руханийликтин жаратылышы жөнүндөгү түшүнүктүн өзүнө, чыгармачылыктын мыйзам ченемдүүлүгүн түшүнүүгө токтолуп, руханийликтин түпнегизин ачып көрсөтүүгө мүмкүндүк түзө турган принциптердин жыйындысын берүүгө аракет жасайт.

Ильин азыркы руханий турмуштун негизги мүнөздүү белгилерин жана азыркы турмуштун кемчиликтерин жеңип чыгуунун жолдорун белгилеп көрсөтөт. Алсак, ал өзүнө замандаш маданияттын таш боордугу жана бул жол менен баруу — кыйроого карай баруу экендиги жөнүндө жазат.

Адамдын руханийлиги, Ильиндин ою боюнча, жоопкерчилик менен тыкыс байланыштуу. «Эркиндиктин жашыруун сыры,— же демейде айтылып жүргөндөй, «эрктин эркиндиги»,— рух күчүнүн топтолууга, өзүн чыңдоого, өзүнүн күч-кубатын арттырууга жана өзүнүн ички дүйнөсүндөгү кыйынчылыктарды жана тышкы тоскоолдуктарды жеңип чыгууга жөндөмдүүлүгүндө турат» [303—304-6.].

Гармония тууралуу[оңдоо]

Ильин мындай деп жазат: «ич дүйнөсү эки анжы абалда болгон адам бактысыз адам... Ичкерки дүйнөсү бөлүнүп-жарылып турган адам бактылуу боло албайт... Бактылуу болуу үчүн ага ички орган жетишпейт. Бул ички орган гармония, умтулуулар менен жөндөмдүүлүктөрдүн макулдашылган жалпылыгы (башкача айткандабир бүтүндүгү), инстинкт менен рухтун биригиши, ишеним менен билимдин ортосундагы макулдук деп аталат» [312-6.]. Мына ушул себептүү ички дүйнөсү бөлүнүп-жарылган, эки анжы адам руханий жактан алсыз болуп калат. Ал бекем бир ынанымга ээ болууга да жөндөмсүз келет. Ал руханий мүнөздүн эң маанилүү, эң кымбат негизинен — турмуштун бир бүтүн, жападан жалгыз жана бардыгын кучагына алып турган борборунан ажыраган адам. «Жетик руханий мүнөз борборунда кремль жайгашкан чептүү шаарга окшош, мында төрүндө алтары бар Кудайдын храмы тургузулган, ал алтарда өчпөс от күйүп турат. Бул — шаардын ыйык борбору болуп саналат, шаардыктардын («огнищан») баардык үй-бүлө очоктору отту дал ушул жерден алышат. Ушул жерде бардыгы кошулат жана бардыгы биригет, бардык маанилүү чечимдер дал ушул жерден чыгат; бардыгын уюштуруучу жана ыраатка салуучу борбордук эрк (башкы эрк) дал ушул жактан жаркырап жанып турат; күч-кубат да ушул жерде топтолот, ушул жерде берилгендик (верность) куралданат, акыл-эс ушул жактан жанып турат» [314-315-6.].

Ильиндин философияга болгон мамилеси[оңдоо]

Ильин адамдын жана коомдун турмушундагы эмгектин, чыгармачылыктын, искусствонун, ой жүгүртүүнүн, тарбия менен билимдин, диндин, медицина менен ден соолуктун, саясаттын, философиянын ролун карап чыгат. Ал философияга өзгөчө маани берет. Философия, Ильиндин пикири боюнча, системаны ойлоп чыгарбашы керек. Анын бардык иштей турган иши айлана-чөйрөнү жайбаракат байкап, ой жүгүртүү менен чектелүүгө тийиш.

Предметтик философия жагында иш алып барган философтун... «предметти башкарууга акысы жок; ал аны өзүнүн сүрөттөмөсүндө бузууга да акысы жок. Өзүн баарын тартипке сала турган «бухгалтер» катарында, же түшүнүктөрдү катарга тизип жаткан унтер-офицер катарында сезген философ аянычтуу жана күлкү гана келтирет... Ал өзүнүн предметине «көрсөтмө» берүүгө тийиш эмес; ал өзүнүн предметин «алдын ала биле албайт», же «жакшы биле албайт»; философ предметтеги үзгүлтүктү (ажырымдыкты) же эп келишпестикти өзүнүн ойдон чыгарылган рационалисттик жалган түшүнүктөрү менен жамап-жазгап оңдоого акылуу эмес».

Адеп-ахлак проблемасын изилдеген философ, Ильиндин пикири боюнча, өзү да адеп-ахлак тажрыйбасына ээ болууга тийиш. Искусство проблемасын изилдеген адам баамдоо-байкоо жагынан чоң тажрыйбага ээ болуу менен, өзүн көркөмдүк баамдоочулукка жана тажрыйбага тарбиялашы керек. Диний философияны изилдеген философ диний тажрыйбага ээ болууга тийиш. Бул укук изилдөөчү философко да тийиштүү, ал да предметтик укук тажрыйбасына ээ болушу абзел.

Ильиндин пикири боюнча, философтун чыныгы жолу, же «усулу» ушундай. Ал мындай деп жазат: «Ушул жолдо келечектеги орус философиясы жаңыланып, гүлдөп өсөт, ошондо ал курулай ой жүгүртө берүүсүн жана азгырма конструкцияларды түзүү менен алек болуусун токтотот. Бул жолдун негизги эрежеси төмөнкүчө: адегенде — бар болуу, андан кийин — аракетке өтүү керек, ошондон кийин гана ишке ашкан бытиеге жана жооптуу, а балким коркунучтуу, а түгүл азаптуу иш-аракеттерге таянып философиялык ой жүгүртүү керек»

Колдонулган адабияттар[оңдоо]