Имаева, Нуриля

Википедия дан

Нуриля Имаева (1936-ж. т., Ысыккөл району) – педагогика илимдеринин кандидаты.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Элге Билим берүүнүн отличниги, СССРдеги жогорку билим берүүнүн отличниги, профессор. 1954-ж. Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институттунун орус филологиясы факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1958-ж. Тамчы айылынын орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалимдигинен баштаган, андан кийин Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектебинде мугалимдик эмгек жолун уланткан. 1970-ж. педагогиканын тарыхы жана теориясы боюнча «Токтогул Сатылгановдун чыгармачылыгында тарбия идеялары» деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. Ал КМУнун педагогика жана психология кафедрасында көп жылдар бою эмгектенген. 1994-ж-дан тартып 2000-ж-га чейин КМУУнун Жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо борборунда иштеген.

Администрациялык иштер менен катар Нуриля Имаева негизги, атайын окуу курстары боюнча лекцияларды окуп, «Тарбиялык иштердин педагогикасы жана методикасы», «Кыргыздардын этнопедагогикасы», «Жогорку окуу жайларынын педагогикасынын негиздери» аттуу педагогикалык дисциплиналар боюнча аспиранттар жана адистигин жогорулатуу курстарынын угуучулары үчүн көптөгөн окуу программаларын түзгөн.

«Кыргыз ССРинин педагогикалык ойлорунун антологиясынын» (1988) редакциялык кеңешине мүчө жана авторлордун бири катары белгилүү. 1994-ж-га чейин педагогика илими боюнча эксперттик комиссиянын мүчөсү болуп келген. Жогорку сапаттагы эмгеги үчүн «Эмгектеги артыкчылыгы» медалы, «Элге билим берүүнүн отличниги», «СССРдеги жогорку билим берүүнүн отличниги» белгилери менен сыйланып, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими», Эл аралык Түрк Академиясынын академиги деген наамдарга ээ болгон. Профессор Нуриля Имаева «Токтогулдун чыгармачылык мурастарынын тарбиялык идеялары» деген монографиянын, 70тен ашуун илимий иштердин автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,