Иманалиев, Зайнидин

Википедия дан
Иманалиев Зайнидин

Иманалиев Зайнидин (1947-ж. т., Кочкор району, Кара-Күнгөй айылы) — обончу, аткаруучу, комузчу.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2022).

1973-ж. Бишкек музыкалык педагогикалык окуу жайын бүткөн.
Обончу катары 100дөй обон, 3 күү чыгарган. Чыгармалары жагымдуу, угуучулардын жан дүйнөсүн коштоого алган лирикалык маанайда. Өзү комуз менен коштоп ырдайт. Айрым чыгармалары эстрадага салынган, көптөгөн республикалык конкурстардын, фестивалдардын ("Беш ыргай", "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы, К. Орозов, Т. Сатылгановдордун юбилейи) жеңүүчүсү. Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги (1993). Медалдар менен сыйланган. "Комуз чертүүгө үйрөтүү" деген китеби (1984) чыккан.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КҮҮ МЕНЕН ЖАШАГАН ШАЙЫР

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.