Ит-Тиш мөңгүлөрү

Википедия дан

Ит-Тиш мөңгүлөрүТескей Ала-Тоонун түштүк капталында. Чоң Нарын суусунун оң курамы Тарагайдын алабынан орун алган өрөөн тибиндеги үч мөңгү (Чыгыш, Ортоңку жана Батыш Ит-Тиш мөңгүлөрү). Чыгыш Ит-Тиш мөңгүсүнүн узундугу 2,9 км, аянты 3,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4600 м, этеги 4000 м бийиктикте жатат. Төр тибиндеги мөңгүлөрдүн тобуна кирет. Ортоңку Ит-Тиш мөңгүсүнүн узундугу 3.8 км, аянты 4,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4680 м, этеги 4020 м бийикте жатат. Батыш Ит-Тиш мөңгүсүнүн узундугу 4,0 км, аянты 4,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4580 м, этеги 3920 м бийикте. Мөңгүлөрдөн Ит-Тиш суусу башталып, Ара-Белге (Тарагайдын жогорку агымы) сол жактан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]