Ит мурун

Wikipedia дан
Ит мурун

Ит мурун — жапайы жана эгилме өсүмдүк. Токой четинде, бадалдардын арасында, суу жээктеринде өсөт. Дары сырьёсу катары мөмөсү пайдаланылат. Аны күздөн баштап кышка чейин жыйнап алса болот. Мөмөсүндө С жана башка витаминдер бар. Ит мурун препараттары витамин катары жана тамак сиңирүүнү жакшыртуу үчүн сунуш кылынат, боор жана өт ооруларында сезгенүүгө каршы колдонулат.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8