Йакут, Хамави Руми

Wikipedia дан

Йакут Абу Абдуллах Шихаб-ад-Дин ибн Абдуллах ар-Руми ал-Хамави (болжол м-н 1179 - 1229) – араб энциклопедист-илимпозу, көрүнүктүү саякатчы-географы.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо]

Абу Абдуллах Шихаб-ад-Дин ар-Руми ал-Хамави, ылакап аты “Йакут” (кыргызча “Жакут”) өзү теги боюнча византиялык гректерден чыккан кул болгон. Ал мезгилдерде Йакут (“жакут”) деп кулдарды кемсинтип асыл таштын атын коюшчу. Кийин азаттыкка чыкса да бул аты өчкөн эмес.

Анын ныспасындагы Руми сөзү анын ата-теги византиялык гректерден болгонун көрсөтсө, Хамави сөзү анын Сириядагы Хама жергесинен экенин аныктайт.

Йакутту сатып алган кожоюну кийинчерээк Иракка (ошол кездеги халифат борбору, азыркы Багдад шаарына) көчүп келген.

Йакут эркиндикке чыккан соң, көп жерлерди кыдырган.

Маселен, Мерв шаарына (азыркы Түркмөнстандагы Мары шаарына) чейин келген. Мындагы китепке бай жергиликтүү китепканаларда эки жылча эмгектенген. Бул китепканалардын бир тобу Чыңгыз-хандын кошуундарынын жортуулдары маалында өрттөлүп жок кылынган.

Йакут Каспий деңизинин чыгышындагы аймактардагы монгол чапкыны доорунда ойрон болгон китепканалардын гүлдөп турган соңку жылдарында аларды пайдаланган азганактай ири окумуштуулардын бири болуп калды.


“Муъжам ал-булдан” жана башка чыгармалары[оңдоо]

Анын эмгектеринин ичинен баалуусу – “Китаб муъжам ал-булдан” (“Өлкөлөрдүн аттарынын алфавиттик жыйнагы”).

Й. бул көлөмдүү эмгегин негизинен 1224-ж. бүтүрүп, бирок акыркы редакциясынын соңуна чыкпай каза болгон.

Й-тун бул эмгегинин айрым бөлүктөрү орусчага которулган.

Йакут 1226-жылы “Муъжам ал-удаба” (“Жазуучулар тууралуу сөзжыйнак”) эмгегин жазган.

Анын калемине “Ал-муштарак вадхаа ва-л-муфтарак саъкаа” деген чыгарма да таандык. Бул китептин бир вариантын 1845-жылы Фердинанд Вүстенфелд арапча нускада жарыялаган.

Йакут жана кыргыз таануу[оңдоо]

Кыргыздар ж.б. Теңир-Тоо Борбордук Азиядагы түрктөр ж-дөгү маалыматтарды ал 9-10-к-дагы араб географтарынын (Ибн ал-Факих ж. б.) эмгектеринен көргөн. Анда Орто Азияны моңголдордун кантип басып алгандыгы ж-дө да маалыматтар бар.

Й. Кыргызстандагы бир катар шаарлар м-н кыштактар ж-дө да маалымат калтырган:

“Ош Фергананын чет жакасындагы чоң шаар. Ал Куба шаарына жакын жайгашкан... Бул шаардан бир топ адамдар чыккан; алардын арасында Омор ибн Муса ал-Оши бар... мусулман мыйзамчысы (факих) ал-Оши 519-жылдын зу-л-хижжа айында (1125-жылдын декабрь айында) өлгөн...”

“Узганд - Мавераннахрдагы шаар; Феганадагы аймактардын бири. Аны “Узженд” деп да коюшат... Андан аалымдар тобу чыккан. Алардын арасында Али ибн Сулайман ибн Дауд (Дөөт) ал-Хатиби Абу-л-Хасан ал-Узканди бар...”


Адабият[оңдоо]

  • “Китаб муъжам ал-булдан”, кыскача Муъжам ал-булдан (معجم البلدان “Өлкөлөрдүн аттарынын алфавиттик жыйнагы”)
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.
  • Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану лугати т-түрк» сөз жыйнагы (1072—1077) / Илимий редактору проф. Ө.Кара уулу. — Оңдолуп, кошумчаланган басылыш. — Бишкек: «Кыргызстан» Басма үйү, 1997. — 160 б.; илл., карта. (Кыргызстан Тарыхчылар Жамааты). ISBN 5-655-01222-7.
  • Чоpоев Т.К. Этноним «кыpгыз» по данным Махмуда Кашгаpи // Вопpосы этнической истоpии киpгизского наpода. — Фpунзе: Илим, 1989. — С. 113—121.
  • Чоpоев Т.К. «Диван лугат ат-туpк» Махмуда Кашгаpи как источник по истоpии тюpкоязычных наpодов Сpедней и Центpальной Азии // Оpиенталистика в Киpгизии / Отв. ред. М.Я.Сушанло. — Фpунзе: Илим, 1987. — С. 12—26.
  • Умуpзаков С.У. Очеpки по истоpии геогpафических откpытий и исследований Киpгизии / Редактор Р.Д.Забиров. — Фpунзе: Кыpгосиздат, 1959. — 150 с., илл., карты.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
  • al-Kāšγarī Mahmūd. Compendium of the Turkis dialects (Dīwān Luγāt at-Turk) / Edited and Transl. with Introduction and Indices by R. Dankoff in collaboration with J. Kelly. — Cambridge, Massachusetts: Harvard Un-ty Printing Office, 1982—1985. — Pt. 1—3. (Doğu Dilleri ve Edebiyatlarının Kaynakları. 7. Yayınlayan Şinasi Tekin. Gönül Alpay Tekin. — Türkçe Kaynaklar. VII).
  • Pritsak O. Studies in Medieval Eurasian History. — London: Variorum Reprints, 1981. — 376 p.
  • Ülkütaşır M.Ş. Büyük Türk Dilcisi Kâşgarlı Mahmut. — 2. Baskı. — Ankara: Türk Dil Kurumu, 1972. — 222 S.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо]