Якут Аль-Хамави

Википедия дан

Якут Аль-Хамави, Якут Ибн Абдаллах ар-Руми (1178-80-ж. ченде, Византия - 20. 8. 1229, Алеппо) - орто кылымдагы белгилүү окумуштуу, географ, саякатчы, тарыхчы, филолог жана жазуучу.

Жаш кезинде туткунга түшүп, багдаддык көпос Аскар ибн-Ибрахим алъХамавиге сатылган. Ал аны мусулманчылыкка тарбиялап, соода агенти кылган. Соода кербендери жана кемелери менен Египет, Сирия, Палестина, Арабияга жана Перс булуңунун жээгине жана аралдарга саякат жасаган. 1199-ж. эркиндикке ээ болуп, китеп иштери менен (китептерди көчүрүү, сатуу) Багдадда алектенген. 1213-жылдан саякатын кайрадан уланткан. География боюнча өлкө таануу, адабиятчылар сөздүгүн түзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4