Кадыров, Зайдулла

Википедия дан

Кадыров Зайдулла (1886-?) - Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөштун катышуучусу.
Екатеринославск (азыркы Днепропетровск) губерниясындагы Юзовка деген жердеги жергиликтүү социал-демократиялык уюмду, 1905-1907-ж. Бакудагы революциячыл кыймылды, 1912-1917-ж. Сүлүктүдөгү иш таштоолорду уюштурууга катышкан. 1917-ж. Сүлүктүдөгү кенчилердин арасында Социал-демократиялык топту түзүүнүн демилгечилеринен жана Сүлүктүдөгү жумушчулар советинин төрагасы болгон. 1920-ж. мамлекеттештирилген Сүлүктү кен башкармасында жана башка партиялык советтик жетекчи кызматтарда иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]