Калчаке уулу Алай

Википедия дан

Калчаке уулу Алай (1875, Нарын өрөөнү, Миң-булак айылы - 1969, ошол эле жер) - болуш, коомдук ишмер.
Совет бийлигине чейин болуш болгон жылдарында орустардан үлгү алып, Жеркөчкүгө там, тегирмен, Экичатка мечит, медресе салдырган. Мечитке молдо алдырып, балдарга дин окуусун окуткан. Жер сугарыш үчүн, аймактагы Четбулактын, Белбулактын сууларына арык салдырган. Нарын өрөөнүндө алгачкылардан болуп арпа айдатып, түшүм алган. 1916-жылкы элдик көтөрүлүштө өз элин ачарчылыктан сактап калган. Ал элге алымдуу, кедей-кембагалга кайрымдуу, алдыңкы көз караштагы адамы болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]