Калып:Портал:Археология/Тандалган макала

Википедия дан
Пазырык маданиятына таандык байыркы килем (б.з.ч. V к.)

Пазырык маданиятыТоолуу Алтайда тараган көчмөн уруулардын б.з.ч. 7–3-кылымга тиешелүү маданияты. Пазырык, Туяхты, Башадар, Катанда, Шибе, Уландрык, Юстыд, Айгюгем, Үкөк, Ак-Алах, Кутурган өңдүү дүйнөгө белгилүү 15тен ашык эстелик кирет.

Пазырык маданияты ар кандай этностук топторду бириктирген көп кырдуу маданият.

Пазырык маданиятында маркумдун сөөгүн жыгач табытка салып, терең чуңкурга көмүшкөн. Көрдүн дубалдарын шыргый, карагай менен аштап коюшкан. Үстүн карагай менен жабышып, маркумдун жанына бир нече жылкыны кошо көмүшкөн. Көрдүн үстүнө таш дөбө курулган. Жер алдындагы көрлөр мөңгү сууларынын жана нымдын натыйжасында тоңуп, андагы буюмдар азыркы мезгилге чейин күнү бүгүнкүдөй сакталып турат. Көрүстөндөрдө кооздук буюмдары, аттын жыгачтан жасалган жүгөнү, шырдактар табылган. Шырдактардагы оюулардын жасалышы азыркы кыргыз, казак шырдактарына окшош.