Каммингс Эдуард Эстлин

Википедия дан
Эдуард Эстлин Каммингс.

Каммингс Эдуард Эстлин (Edward Estlin Cummings; 14. 10. 1894, Массачусетс штаты, Кембриж — 1962, Түндүк Конуэй) — амер. акын, жазуучу, сүрөтчү. Футуризмге ыктаган лирик-урбанист; трагедиялык жана сатиралык интонацияларды кезектештирип берүү аркылуу бурж.-рационалисттик турмуштун бүлүнүшүн чагылдырган бунтчул-индивидуалист.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эдуард Эстлин Каммингс 1894-жылы 14-октябрда АКШнын Массачусетс штатында туулган.

1911-1916-жж. Каммингс Гарвард университетинде окуган жана 1915-жылы бакалавр (B.A.) даражасын алган. Ал эми 1915-жылы мында өнөр магистри (M.A.) даражасын алган.

1912-жылдан тартып ырлары жарык көрө баштаган.

1914-жылдан тартып аванградчы акын-жазуучулардын таасиринде калган.

1917-жылы өз ыктыяры менен Франциягша кетип, мында медициналык аскерде кызмат өтөгөн. Тынчтыкчыл пикирлерин ачык айтып, "тыңчы" катары шектелип, камакка алынган. Аны Нормандиядагы концлагерге жибероишип, анда ал 3 жарым ай кармалгна.

Атасынын жардамы менен абактан бошотулуп, АКШга кайтып келген.

1918-жылы АКШнын армиясында бир нече ай кызмат өтөгөн.

1921—1923-жж. Парижде жашаган. 1931-жылы сталиндик СССРге саякат кылган.

1952-жылы Гарвард университети ага "конок профессор" деген ардактуу наам ыйгарган.

Каммингс 1962-жылы 3-сентябрда 67 жашында АКШда Нью-Хэмпширдин Норс-Конуэй жергесинде жүрөгүнөн кармап каза болгон.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каммингс — «Тандалган 100 ыр» (1959), «6 антилекция» (1953) жана башка ыр жыйнактарынын «Чоң камера» (1922) романынын автору.

Кубизмге ыктаган «Үн», «Чуу» (1919—25) живопистик сериялары бар.


Америкалык оригиналдуу акын, драматург жана жазуучу Эдвард Эстлин Каммингс айрым чыгармаларын жарыялаганда, анын ысымы эч баш тамга коюлбастан жазылган. Ал англис тилдүү адабиятка ирээтсиз, эркин ыр жазып, баш тамгаларды коюудан качып, тыныш белгилерди текстте күтүлбөгөн жерлерге коюп же таптакыр койбой жазып, жаңы тажрыйба сунуштаган акындардан болгон.

(Э.Э.Каммингстин учкул сөздөрүнөн):

“Бардык күндөрдүн ичинен өзгөчө бошко кеткендери – бул күлкүсүз өткөндөрү”.

(Сүйүүгө арналган ырларынан):

мен жүрөгүңдү өзүм менен алып жүрөм (мен аны жүрөгүмө салып жүрөм) мен эч качан ансыз жүрбөйм (каякка барсам сен дагы ошоякка барасың, менин берекем, өзүм гана жүзөгө ашырган нерселердин бардыгы сенин жасаганың, менин берекем)

(Э.Э.Каммингс драманын, пьесанын өзгөчө оригиналдуу жана эски ыкмаларга сыйбаган жаңы түрү тууралуу минтип жазган):

АНЫ ТҮШҮНҮҮГӨ ДАЛААЛАТ КЫЛБА, АГА ӨЗҮҢДҮ АҢДООСУНА МҮМКҮНДҮК ЖАРАТ [1]

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Избранные стихотворения // Пер. В. Британишского. М., 2004.
  • The Enormous Room (1922)
  • Tulips and Chimneys (1923)
  • XLI Poems (1925)
  • is 5 (1926)
  • HIM (1927) (a play)
  • ViVa (1931)
  • CIOPW (1931) (art works)
  • Eimi (book)|EIMI (1933) (Soviet travelogue)
  • No Thanks (collection) (1935)
  • Collected Poems (1938)
  • 50 Poems (1940)
  • 1 × 1 (1944)
  • Santa Claus: A Morality (1946)
  • XAIPE: Seventy-One Poems (1950)
  • i—six nonlectures (1953) Harvard University Press

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Чоротегин Т. Э.Э.Каммингс: Күлкүсүз күн курусун! https://www.azattyk.org/a/world_usa_humor_caravan-of-laughter_e-e-cummings_blog_ky/29581451.html