Камсыздандыруу суммасы

Википедия дан

Камсыздандыруу суммасы (сактандыруу суммасы) – эгер келишимде же мыйзамда башкача каралбаса, сактандыруу акысын жана сактандыруу аркылуу төлөп берүүнүн өлчөмдөрүн аныктоого негиз болуучу, сактандыруу келишиминде көрсөтүлгөн же болбосо мыйзамда белгиленген акчалай кошунду. Мүлктү сактандырууда сактандыруу суммасы анын келишим түзүлгөн учурдагы чыныгы наркынан (сактандыруу наркынан) ашпоого тийиш. Эгер сактандыруу келишиминде көрсөтүлгөн сактандыруу суммасы мүлктүн сактандыруу наркынан ашып кетсе, мыйзамга ылайык, мүлктүн келишим түзүлгөн учурдагы наркынан ашкан бөлүгү жараксыз болуп саналат. Жеке сактандыруу келишиминде сактандыруу суммасы сактануучу тарабынан сактандыруучу менен макулдашуу аркылуу аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]