Каным дат

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 6—10 киши.

Оюн аянтчада, бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнда чүкө колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар тегерек болуп отурушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар чүкө өкчөшөт. Чүкөнү айкүргө калчаган оюнчу «кан» болот, «таага» тургузганы «увазир» ал эми «чик» «ууру».

«Увазир», «уурунун» колунан кармап, «канга» алып буратканда, «ууру» каршылык кылат, Анда ачуусу келген «увазир», «канга» «О каным, бул ууру», сиздин аттарыңызды уурдайын деп жатканда кармап алдым, буга катуу жаза бериш керек» деп даттанат, ачуусу келген «кан» ууруну ырдап же бийлеп берсин деп жазалайт. «Ууру» «кандын», каалоосун аткарып бергенден кийин оюн кайрадан башталат. Оюн каалаган убакытка чейин уланат.

Оюндун башка түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Падыша ууру туттум. Бул оюн «Каным, дат оюну сыяктуу болуп өтөт. Оюн «падышам», «ууру» туттум деп башталат.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кандын» буйругун аткарбай коюуга, себепсиз чурулдоого болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнду кечки убакытта өткөрсө болот.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чындыкка, тартипти сактоого, бир бирин урматтоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]