Каримов, Ислам Абдуганиевич
Wikipedia дан
- Ислам Абдугани уулу Каримов, Islom Abdug'ani ug'lu Ka'rimov[1] (30.1.1938 ж.т., Өзбекстан, Самаркан калаасы) – Өзбекстан Республикасының туңгуч Президенти, мамлекеттик ишмер, Өзбекстан Илидер Академиясынын академиги (1994), Өзбекстан Баатыры (1994).
- Орто Азия политехникалык институтун жана Ташкен эл чарбачылык институтун бүтүргөн;
- 1960 – 61 жылдары “Ташсельмаш” заводунда көмекчү чебер, ага уста, технолог;
- 1961 – 66 жылдары Ташкен авиация өндүрүштүк бирикмесинде инженер, жетекчи инженер, конструктор;
- 1966 – 83 жылдары Өзбекстан Мамлекет пландаштыруу комитетинин башкы адиси, бөлүм башчысы, төраганын 1-орунбасары кызматтарын аткарган;
- 1983 – 86 жылдары Өзбекстан каржы министри:
- 1986 жылы Министрлер Кеңешинин төрагасынын орун басары, Мамлекет пландаштыруу комитетинин төрагасы болду;
- 1986 жылы Бештин айында (декабрь айында) Өзбекстан Компартиясы Кашкадарыя облусун комитетинин 1-катчысы;
- 1989 жылы Өзбекстан Компартиясы Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп шайланды;
- 1990 жылы Жалган куран айынын 24 (март) Өзбекстан Жогорку Кеңешинин сессиясында Өзбекстан Президенти болуп шайланып, конституцияга ылайык Министрлер Кабинетинин төрагасы кызматын кошо аткарды;
- 1991 жылы Теке айында (июль) Өзбекстан өзүнүн мамлекеттик көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин, элдин саясий моделине жетүү ишине түз башкаруу ишин жүргүздү;
- 1995 жылы Жалган куран айынын 26 (март) Жалпы элдик референдумдун чечими менен президенттик мөөнөтү 2000 жылга чейин узартылды;
- 2000 жылы өткөн жалпы элдик шайлоодо Өзбекстан Республикасынын Президенти болуп кайра шайланды;
[оңдоо] Пайдаланылган адабият
- ↑ “Қазақ Энциклопедиясы”, IV-том
| Бул бүтүрүлбөгөн макала. Сиз, оңдоп жана толуктап долбоорго жардам бере аласыз. |