Кичи Кемин, Кемин району

Википедия дан

Кичи Кемин, Кемин районуЧүй областынын Кемин районундагы кыштак. Кичи Кемин айыл округуна караштуу. Кичи Кемин суусунун сол өйүзүндө, Бишкек — Ак-Түз жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол станциясы Кемин шаарчасынан 20 км түндүк-чыгыш тарапта. Кыштак 1921-жылы негизделген. Калкы 2813 (2007); негизинен мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, соода түйүндөрү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]