Колов, Олег Викторович

Википедия дан

Колов Олег Викторович (1936-ж. т., Талас ш.) — биолог, биология илимдеринин доктору (1985).
1964-ж. КМУну бүтүргөн.

1964—67-ж. Кыргызстан илимдер академиясынын Биохимия жана физиология институтунда аспирантурада окуган, 1967—69-ж. ошол институтта илимий кызматкер, 1969—86-ж. Кыргызстан илимдер академиясынын Биология институтундагы Токой бөлүмүндө улук илимий кызматкер, 1986—92-ж. лаборатория башчысы, 1992-жылдан Кыргызстан улуттук илимдер академиясынын Токой жана жаңгакчылык институтунун директорунун орун басары.

Колов өсүмдүктөрдүн экологиялык физиологиясы тармагындагы белгилүү окумуштуу. Анын Кыргызстандын токойлорун рационалдуу пайдалануу жана калыбына келтире кайра өстүрүү, айрыкча республикадагы жаңгак массивдерин коргоо жана анын түшүмдүү сортторун өстүрүү боюнча баалуу эмгектери бар. 75 илимий эмгектин (анын ичинде 3 монография, 2 сунуш жана 3 брошюра) автору. 1992-жылдан Борбордук Азия «Экофоруст» эл аралык уюмунун катчысы. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.