Контролер, текшергич (тейлегич)

Википедия дан

Контролер, текшергич (тейлегич) - катуу дисктеги берилиштер агымы катуу дисктин аталган электрондук схемдер системи менен башкарылат. Текшергич диск киргизгичтин ичине же башка кеңейтүү орундарында орнотулат. Жеке компьютерлерде IDE (Integrated drive electronics) жана SCSI (Small computer system interface) деп аталган эки типтеги текшергич колдонулат. IDE текшергичтер дискке секундуна 10 МБ берилиштерди жибере алат. Кичине компьютердик систем интерфейси же SCSI текшергичи көп сандагы диск тейлегичтерди колдой алат. Бул текшергич IDE караганда ылдам иштейт жана секундуна 100 МБ берилиштерди жиберүүнү камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3