Коон бышты, дарбыз бышты

Википедия дан

Оюндун шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 6—8 киши.
Оюн аянтчада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи шайланат, калган оюнчулар бир — биринин артынан белдерин кармашып дарактын астына отурушат, биринчи отурган оюнчу даракты бекем кучактап алат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи отурган оюнчуларды «коон бышты, дарбыз бышты» деп айтып туруп маңдайларына чертип чыккандан кийин, акыркы отурган оюнчунун артына отуруп алып, анын белинен кармап тартып (үзүп) алганы аракеттенет. Эгерде жетекчиси акырында отурган оюнчуну бир жолку аракети менен тартып алса, кийинки отурган оюнчуларды дагы бирден тартып алууга болот. Эгерде бир жолку кылган аракетинен кийин азыркы отурган оюнчуну тартып алалбай калса, бир аз дем алгандан кийин, кайра кайталаса болот. Эгерде бул жолу дагы анын кылган аракети ийгиликтүү болбосо, анда ал оюнчу ырдап бергенден кийин, даракты кучактап отурган оюнчунун ордуна отурат. Катарда акыркы болуп отурган оюнчу, ордунан туруп оюн жетекчисинин ролун аткарат. Ошентип оюн каалаган убакытка чейин уланат, Кеп оюнчуларды тартып алганы жеңүүчү болот.