Коон үзмөй

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 8—15 киши.
Оюн аянтчада, токойлуу жерде, спорттук бөлмөдө.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи шайланат, калган оюнчулар эки топко бөлүнүп, бири биринин артына туруп, алдындагы оюнчулардын белдеринен кармашат. Катарда биринчи турушкан оюнчулар даракты же устунду кучакташып турушат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчинин буйругу боюнча кезеги менен ар бир топтон бирден киши чыгышып, берилген убакытта атаандаш топтун оюнчуларын бирден үзүүгө аракеттенишет. Оюн каалашкан убакытка чейин уланышы мүмкүн. Көп жолу атандаштарын үзүшүп алышкан оюнчулар жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Белден башка жерден кармап үзүүгө, бири бирине тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө болбойт.

Педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күчкө, ийилчээктикке тарбиялайт, чыдамкайлыкка үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]