Мазмунга өтүү

Коопсуз шаар

Википедия дан
"Коопсуз шаар"

«Коопсуз шаар» –  Автоматташтырылган маалыматтык система (АМС) - аппараттык-программалык комплекстер менен фиксацияланган маалыматтарды жана Жолдо жүрүүнүн эрежелерин (мындан ары - ЖЖЭ) бузуу боюнча токтомдордун көчүрмөлөрүн борбордук деңгээлде жеткирип берүү/бербөө жана төлөө статусун чагылдыруу менен ЖЖЭ бузуулары боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерди жыйноо, сактоо, иштеп чыгуу жана каттоо процессин автоматташтырууну камсыздоочу мамлекеттик маалыматтык система[1]

Программалык комплекстердин жардамы менен Кыргызстанда жол кырсыктарын азайтуу жана жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн долбоору 2019-жылы иштей баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Мындан тышкары жол белгилерин жаңылоо иштери да жүргүзүлгөн[2]

Каржылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Долбоор төрт фазадан турат. Өкмөттүн маалыматына караганда, долбоордун сынактагы баасы 2,5 млрд. сом менен башталган, уткан компания аны 2 млрд. 320 миллион сомго ишке ашырууга макул болгон. Бул каражатты «Вега» компаниясы чыгарып, кийинки беш жыл ичинде ар бир жол эрежесин бузууга төлөнгөн айыппулдан орточо 210 сомду алып турат. Тендердин жыйынтыгы менен экинчи этаптын подрядчысы болуп кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co компаниясы тандалган. Ltd. “Коопсуз шаар-2” долбоорун уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd кытайлык компаниясы жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу. Бул проект пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан, Санарип өнүктүрүү министрлиги Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын былтыр сотко берген[3]

"Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү, эсепке алуу жана пайдалануу "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибинин негизинде жөнгө салынат[4]

Кайсы мыйзам бузууларды каттайт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Коопсуз шаардын» камералары жолдогу жети мыйзам бузууну каттайт

Маалыматтык технология жана байланыш комитети “Коопсуз шаар” долбоору 12-февралдан тарта ишке ашарын жарыялады. Камералар  жолдогу жети мыйзам бузуу учурун каттайт:

  • Жол чырактын тыюу салган белгисинен өтүп кетүү
  • Каршы тилкеге өтүп кетүү
  • Автоунааны тротуар, газон, велосипед жолу менен айдап өтүү
  • Жол чырактын тыюу салган белгисине карабай, стоп-линияны кесип өтүү
  • Жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй коюу
  • Белгиленген ылдамдыктан ашып кетүү
  • Аялдама жана унаа токтотуу жайлары жөнүндөгү талаптарды аткарбай коюу.

Тартип бузуулар программалык комплекстердин жардамы менен жөнгө салынып, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборунда иштелип чыгат. Маалыматы боюнча, “Коопсуз шаар” ишке киргенден бери Бишкек шаарында жол кырсыктарынын саны 50%, Чүй облусунда 42% азайган.

Сын-пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаардык инновацияларды жана шаарды башкарууда технологияларды изилдөөчү Шамил Ибрагимовдун айтымында, көп учурда жолдордо жаракат алгандар жана каза болгондор инфраструктуранын жетишсиздигинен:

«Ал эми аны туура куруу үчүн жолдун тигил же бул бөлүгүндө кандай окуялар болуп жатканын түшүнүү, себеп-натыйжа байланыштарын аныктоо керек. Маалыматтардын баарын талдап чыккандан кийин гана инфраструктураны элдин өздөрүнүн жүрүм-турумуна ылайыкташ керек. Эгерде «Коопсуз шаар» жөнүндө жалпы коопсуздуктун концепциясы катары айта турган болсок, анда жалпы көзөмөл эч кандай баалуулук бербейт. Ал жѳн кана кылмышты каттайт. Ооба, балким, аныктоо көрсөткүчү жогорулайт, бирок бул коопсуздук маселесин чечпейт»[5] [6]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартиби. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2019-жылдын 18-февралындагы № 56 токтомуна тиркеме. https://cbd.minjust.gov.kg/12981/edition/1175319/kg
  2. “Коопсуз шаардын» камералары жолдогу жети мыйзам бузууну каттайт. 07.02.2019 https://kyrgyz.news/?p=864
  3. Жыл башынан бери жол кырсыгынан 82 адам каза болду. 19-Март, 2024. https://www.azattyk.org/a/32868175.html
  4. "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында иштелип чыккан, анын ичинде "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартиби. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
  5. Асель Сооронбаева, Назигуль Джусупова. Дата-редакторы: Анастасия Валеева, Чолпон Узакбаева. Иллюстрация: Жусуп Тенти."Безопасный город": выводы после анализа полумиллиона данных. Kaktus.media, 22-декабрь, 2019. https://kaktus.media/doc/402745_bezopasnyy_gorod:_vyvody_posle_analiza_polymilliona_dannyh.html
  6. Мирлан Кадыров, Бексултан Абибакир уулу. Год работы проекта «Безопасный город»: достижения и недоработки. 3 марта 2020. https://rus.azattyk.org/a/god-raboty-bezopasniy-gorod-itogi/30465642.html