Королдук шекспир театры
Королдук шекспир театры - Англиянын драма театры.
- 1879-ж. Стратфорд-он-Эйвондо ачылган.
- Мында У. Шекспирдин пьесалары коюлуп, фестивалдары өткөрүлгөн.
- 1961жылга чейин Шекспирдин мемориалдык театры деп аталган.
- 1960-ж. Лондондогу «Олдуич» театрында филиалы ачылып, анда Англиянын классикалык жана азыркы драмалары коюлат.
- Админ, жетекчиликти Камкордук совети, көркөм жетекчиликти директор жүргүзүп, ал режиссёр да болуп эсептелет.
- Ар бир сезондо актёрлор менен контракт түзүлөт. Королдук шекспир театрын режиссерлор Б. Бенсон, Б. А. Пейн, П. Холл ж. б. жетектеген.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.