Кошалиев Корчубек

Википедия дан

Кошалиев Корчубек (5.5.1924, Айгыр-Жал айылы - 6.8.1998, Ала-Бука айылы) - коомдук ишмер, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (194144).

Алматы Жогорку партиялык мектебин (1965) бүткөн. Мектепти аяктагандан кийин (1941-ж.чейин) Чаткал районунун парткабинетинин китепканасынын башчысы,

  • 1944-45-жылдары Чаткал райондук социалдык камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы,
  • 1945-54-жылдары «Социалисттик мал чарба» гезитинин редакциясынын жооптуу катчысы,
  • 1954-56-жылдары Чаткал районунун райондук аткаруу комитетинин жалпы бөлүмүнүн башчысы,
  • 1956-58-жылдары Чаткал районундагы «Колхоз турмушу» гезитинин редактору,
  • 1958-60-жылдары Ала-Бука районунун саясий жана илимий билимдерди жайылтуу коомунун жооптуу катчысы,
  • 1960-63-жылдары партиянын Ала-Бука райондук комитетинин инструктору, райондук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы,
  • 1963-65-жылдары партиянын Ала-Бука жана Жаңы-Жол райондук комитеттеринин алдындагы жергиликтүү радио уктуруу редакциясына уюштуруучу-редактору,
  • 1965-67-жылдары Ала-Бука жана Жаңы-Жол партиялык агартуу иштери боюнча кабинеттин башчысы,
  • 1967-98-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Ала-Бука райондук комитетинин агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы, райондук согуштун жана эмгектин ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп иштеген.

«Улуу Ата Мекендик согуш» ордени, «Эрдик», «Согуштагы күжүрмөндүгү үчүн» ж.б.медалдар, ошондой эле Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президимунун «Ардак грамотасы» (1961) менен сыйланган. Чаткал жана Ала-Бука райондук кеңешинин бир нече жолку депутаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6