Кошбаев Темиркул

Википедия дан

Кошбаев Темиркул (9.05.1932, Айгыр-Жал айылы - 19.6.2011, Каныш-Кыя айылы) - советтик жана партиялык ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1990-95), райондун 1-чи ардактуу атуулу.

  • Прежевальск айыл чарба техникумун (1950), Кыргыз айыл чарба институтун (1962) бүткөн.
  • 1950-53-жылдары Айгыр-Жал бөлүмүндө зоотехник,
  • 1953-55-жылдары Чаткал райондук айыл чарба башкармалыгында ага зоотехник, башкы зоотехник,
  • 1956-57-жылдары Кызыл-Жар МТСинин мал чарбасында ага зоотехник,
  • 1962-63-жылдары Ала-Бука ветеринардык дарылоо мекемесинде дарылоо врачы,
  • 1963-64-жылдары башчысы,
  • 1964-66-жылдары Жаңы-Жол районунун “Жаңы-жол” совхозунун башкы ветврачы,
  • 1966-73-жылдары Токтогул районундагы “Үч-Терек” совхозунун директору,
  • 1973-77-жылдары Ала-Бука районунун “Бирлик” совхозунун директору,
  • 1977-80-жылдары Ала-Бука райондук эл депутаттарынын аткаруу комитетинин төрагасы,
  • 1980-91-жылдары Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Чаткал райкомунун 1-катчысы,
  • 1991-94-жылдары райондук иш менен камсыз кылуу борборунун жетекчиси, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1-орун басары болуп иштеген.

«Ардак Белгиси» (1971) ордени, «Эмгектеги каармандыгы үчүн» (1970), «Данк» (1997) медалы жана 2 жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун “Ардак грамотасы” менен сыйланган. Т.Кошбаев жетектеген 10 жыл ичинде райондун социалдык-экономикалык деңгээли жогорулап (айыл чарбасы, мал чарбасы, тармактык мекеме-ишканалар, инфраструктура), маданий өсүп өнүгүүгө жетишкен. Райондук администрациянын имаратында Т. Кошбаевдин музейи ачылган. Ысмы Каныш-Кыя айылындагы борбордук кечөгө, сейил бакка берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6