Кош аяктап жүгүрүү

Википедия дан

Шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—10 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катышуучулар бир катар болуп турушуп алып оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышкандан кийин кош аяктап күтүп турушат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнга катышуучулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча оюнчулар белгиленген аралыктан кош аяктап жүгүрүп өтүү керек. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи келгени жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрлөрү бар: Маселен, чалкалап, кол жана буттарды ракка окшотуп басуу. Өрдөкчө майпаңдап басуу ж. б.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Буйруктан мурда аракетти баштоого, аралыкты толук өтпөй коюуга, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт. Оюн өткөрүлүүчү жер таза жана тегиз болушу керек. Ойноочулардын саны көп болсо, аларды топторго бөлүп өткөрсө талапка ылайык келет.

Оюндун тарбиялык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адамда күч, ылдамдык, ийилчээктик чыдамкайлык калыптанат. Алдыга коюлган максатка жетүүгө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]