Кош калканбези

Википедия дан

Кош калканбези – омурткалуулардын экзокриндик (сырткы) жана эндокриндик (ички) секреция органы. Калканбезинин үстүндө жайгашкан. К. к. 2 гормон бөлүп чыгарат: паратгормон, кальцитонин. Паратгормон – полипептид, 84 амин к-танын калдыгынан турат. Молекулалык салмагы 9500. Бул гормон бөйрөктүн , сөөк ткандарынын, ичеги-карындын иштешине чоң таасирин тийгизет.

Кальцитонин - полипептид, 32 амин к-танын калдыгынан турат. Ал организмде кальций менен фосфордун иондорун жетиштүү деңгээлин иретке келтирип турат. Кальций булчуң эт менен нерв ткандарынын дүүлүктүргүчтүгүн күчөтүп, клетка мембранасынын өтүмдүүлүгүн жакшыртат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]