Коён секириш

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 5—10 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу. Оюнчулар бир катар болуп турушкан соң шарты, кезеги жана оюн өткөрүлүүчү аралык жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катышуучулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча оюнчулар эки чыканагын бооруна алып, катуу кысып, манжаларын төмөн салаңдатып, коёнго окшоп, бириктирген эки буту менен секирип, белгиленген аралыктан бат өтүүгө тийиш. Оюн 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи келген оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Буйруктан мурда аракетти баштоого, жүгүрүүгө, аралыкты толук секирип өтпөй коюуга, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Буттардын булчуңдарын жумшарып, жакшылап, кыймылдатып алган соң киришсе болот.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күч тарбияланат, буттар менен түртүнүүгө, секирип жүрүүгө, максатка жетүүгө үйрөтөт.

Кичинекей тегеректеп чыгууга, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]