Кубанычбек Сыдыков

Википедия дан

Сыдыков Кубанычбек Камчыбекович (1960-ж. т., Москва району) - бийчи, балетмейстер. Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти (1992). Кыргыз Республикасынын эл артисти (2000).

  • Кыргыз Республикасынын жаштар сыйлыгынын лауреаты (2000).
  • 1971-75-ж. Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайында окуган,
  • 1979-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн.
  • 1979-ж. Кыргыз улуттук А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында бийчи болул иштеген.
  • Көрүүчүлөрдүн жүрөгүндө түбөлүккө жашай турган К. Молдобасановдун «Саманчы жолу» балет-ораториясынан Субанкулдун, «Маңкуртунан» Маңкурттун,В. Власовдун «Аселинен» Ильястын, М. Раухвергердин «Чолпонунаң»Нурдиадин, А. Адандын «Жизелинен»Альберттин, П. Чайковскийдин «Аккуу көлүнөн» Зигфриддин, «Щелкунчигинен» Принцтин, «Уйкудагы сулуусунан» Дезиренин, Ф. Шопендин «Шопенианасынан» Уландын, А. Ха-чатуряндын «Спартагынан» Спартактын, Ф. Амировдун «Миң биртүнүнөн» Шахриярдын ж. б. партияларды аткарат.

Андан тышкары Шниткенин «Скрипач», Бахтын«Кыймыл», А. Шаматовдун «Баскычтар», «Изденүу» аттуу авангард балеттерин, К. Медетбекованын «AETERVITAS», модерн-балеттин койгон. Москвада өткөн Дүйнөлүк жаштар менен студенттердин фестивалынын катышуучусу (1985), КМШ жана чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.

«Эмгектеги артыкчылык» жана Астана шаарында өткөн Орто Азия өлкөлөрүнүн маданият күндөрүндө «Астана» медалдары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.