Кулатуу

Википедия дан

Аталган спорт түрү аскер өнөрүнө кирет. Куралсыз аскер Кулатуунун согуш образдарынын анатомиялык куралдары менен куралданган. Кулатуу кыргыздын кол менен салгылашуу боюнча "Мушташ" эрежесинин багыттарынын бири болуп саналат. Кыргыздын кол менен салгылашуу мектептерине «Эр сайыш», «Оодарыш», «Күрөш», «Кулатуу», «Тай тебиш» «Коен тебиш» жана башкалар кирет.

Келип чыгышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кулатуу «Ажыдаардын» мектеби болуп саналат. «Ажыдаар кулатуу» найзалар, союлдар жана канжарлар менен куралданган канаттуу жыланды элестетет. «Ажыдаардын» түзүлүшү Канжар кол, Найзакер, Союлчу, Куш, Жаачы жана Жылан стилдерин үйрөнүүдөн жыйынтык катары келип чыгат. Анын бардык эрежелери Турусбеков Темир Муканович тарабынан 1984-жылы иштелип чыккан. Кулатууда эки-экиден аткарылчу көнүгүүлөрдүн төрт калыбы иштелип чыккан. Атап айтсак, «Жекеме-жеке», «Жалгыз экиге каршы», «Жалгыз үчкө каршы» жана «Жалгыз төрткө каршы». Ар бир аталган көнүгүүлөрдүн калыбында көнүгүүлөрдүн төрт түрү пайдаланылат. Алар: «Чабуул», «Коргонуу», «Каршы чабуул» жана «Каршы коргонуу». Иштелип чыккан калыптар жана түрлөр көнүгүүлөрдүн мазмундарына туура келет. 2013жылы 03 октябрда Буткул дуйнолук "Кулатуу курош Эртаймаш федерациясы" негизделет, анын президенти Кыдырмышев Руслан Жаманакович болуп шайланат. 2014 жылы алгачкы чон маштабдагы WEF-1 (WORLD ERTAYMASH FEDERATION) деген турнир отот. Андан киин Кулатуу WEF федерациясы эларалык рейтинг регистрациялык порталга акредитация отот, жана киинки откон эларалык турнирлери WEF-1, WEF-2, WEF-3, WEF-4, жана WEF PROFFIGHT 1,2,3,4 турнирлеринин жыйынтыгы дуйнолук рекорд Sherdog порталына официалду катталат, ошондо биринчи профессионал кыргыз мушкерлерден дуйнолук рекорду бар чеберлер пайда боло баштайт

Ыкмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Спортто коргоо жана чабуул стратегиялары үйрөтүлөт. Коргоо стратегиясына коргонуу жана каршы чабуул ыкмалары, чабуул стратегиясына чабуул жана каршы коргонуу ыкмалары кирет.

Түртүшүү - калың элдин катмарына таандык жана ыңгайлуу. Себеби адамдын ден соолугуна зыян тийгизбейт, болгону түртүп кулатып упай топтолот.
Таймаш – мында жалаң гана бут менен тээп, күрөш ыкмаларын колдонот.
Мушташуу – бут менен да кол менен да иштеп, күрөшүп, оорутуу, муунтуу ыкмалары колдонулат.
[Эр таймаш] – панкратиондун бир түрү. Кимано кийилбейт, эркин таймаш болот. Бирок, бул түрү көбүрөөк чеберлерге мүнөздүү.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://kmb3.kloop.kg/?p=6712(жеткиликсиз шилтеме), http://www.knyazev-dojo.ru/kulatuu/ Archived 2016-04-13 at the Wayback Machine