Кулматов Кеңеш

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кулматов Кеңеш (1934-ж.т., Чүй облусу, Чүй району, Акбешим айылы)–партиялык ишмер жана элчи, тарых илимийинин доктору (1984).
1956-ж. КМУну бүткөн.
1960–64-ж. Кыргызстан ЛКЖС БКнын 1-катчысы.
1964-жылдан партиялык кызматтарда.
1970–73-ж. Кыргызстан компартиясынын Бишкек шаардык комитетинин 1-катчысы.
1973–83-ж. Кыргызстан КП БКнын катчысы.
1983-жылдан СССР тышкы иштер министрлигинде иштеген.
1992-жылдан Танзания Республикасында Россия мамлекетинин атайын ыйгарым укуктуу элчиси.
Илимий эмгектери Кыргызстан КПнын тарыхына жана улуттар аралык мамилелерге арналган.
100дөн ашык илимий эмгектин, а.и. 2 монографиянын автору.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б.,2003