Кускаков, Акелең

Википедия дан

Кускаков Акелең (1951-ж. т, Жети-Өгүз району, Кичи-Жаргылчак айылы) — артист, режиссёр. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1993).
1974-ж. Кыргыз академиялык драма театрынын алдындагы студияны, 1979-ж. Ташкендеги А. Н. Островский атындагы театр өнөрү институтун, 1986-ж. Москвадагы А. В. Луначарский атындагы ГИТИСтин Жогорку режиссёрдук курсун бүтүргөн.
1974—85-ж. М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында артист, 1986—91-ж. режиссёр болуп эмгектенген. 1991-жылдан К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрынын режиссёр-коюучусу.

Аткарган негизги ролдору:
Бекболот (Т. Актанов, «Күч күйөө»)
Фигаро (П. С. Бомарше, «Фигаронун үйлөнүшү»)
Порфирий Петрович (Ф. М. Достоевский, «Кылмыш жана жаза»)
Магдуф (В. Шекспир, «Макбет»)
Генерал-губернатор (Ж. Садыков, «Таабалды Пудовкин») жана башка.

Режиссёр катары койгон спектаклдери:
«Махабат өткөөлү» (Б. Өмүралиев)
«Куу дөңгөч» (С. Сарыгулов)
«Сапарлашым менин» (Б. Сейдакматов,
Республикалык конкурста 1-орунду алган, 1986)
«Аксаткын менен Кулмырза»; «Отрар трагедиясы» (Э. Эрматов)
«Эр Табылды» (Т. Актанов)
«Өмүр булагы» (Н. Байтемиров)
«Таң азандан ойгонуп» (В. Шукшин)
Жашынмак (Ж. Субанбеков)
«Кайран эл» (Д. Сариев)
«Махабат азгырыгы» (Б. Шалдыров)
«Манас, Манас болгону...» (Ж.Кулмамбетов)
"Биз, экөөбүз" (Ж.Кулмамбетов) жана башкалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.
  • А.Тажыбаева. Борбордук Азиянын эпикалык театры: калыптанышы жана өнүгүшү. Бишкек, Бийиктик, 2009. ISBN 978-9967-13-540-6