Куу түлкү оюну

Википедия дан

Куу түлкү - кыргыз элинин байыркы улуттук оюндарынын бири.

Оюн тегиз жерде, мектептин спорт аянтчасында ойнолот. Оюнга 13 жашка чейинки 20 – 25 оюнчу катышат. Оюнчулар кол кармашып, тегерек тартып турушат.
Оюндун калысы оюнчуларга “ көзүңөрдү жумгула ” деген буйрук берет. Оюнчулар көздөрүн жумушат. Ошол убакта калыс оюнчулардын арт жагы менен айлана чуркап, оюнчулардын бирин арт жагынан секин түртүп же нукуп өтөт да кайра өз ордуна келип туруп калат. Андан кийин “ көзүңөрдү ачкыла ” деген буйрук берет. Оюнчулар көздөрүн ачып “ куу, куу, куу түлкү, сен каякта жүрөсүң? ” – деп хор менен кыйкырышат. Ошондо калыс артынан нукуп кеткен оюнчу “ мен мындамын ” деп колун көтөрөт. Ошол замат оюнчулар туш тарапка качышат. Куу түлкү болсо качкан оюнчулардын бирин кармап, аны калыска алып келет. Оюнчулардын бардыгы кайра чогулуп, өз ордуларына турушат. Куу түлкү кармап келген оюнчу ырдап же бийлеп берет. Ыр же бий билбеген оюнчу уйча мөөрөйт. Андан кийин оюн кайра башынан улантылат.

Маалымат булагы: Токторбаев С. “ Өспүрүмдөр оюндары ”.