Кыйык атуу
Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Оюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюн аянтчада, талаада, стадиондо өткөрүлөт.
Оюнда жаа, жаанын октору, жип колдонулат.
Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыйык илингенден кийин, жаа атчу аралык белгиленет. Андан кийин оюнчулар оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Оюнчулар кезектери келгенде, бирден жаа менен кыйыкка атышып тийгизүүгө аракеттенишет. Оюк, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Көп жолу жаа атып кайыкка тийгизген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Бир бирине тоскоолдук кылууга, кыйыкка жакын турууга болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Оюн эл жок жерде өткөрүлүшү керек.
Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Оюнда күч тарбияланат, жаа атууну, кол менен кыймылдарды так аткарууга, мергенчиликке үйрөтөт.