Кыл аркан салмай

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда чүкөлөр колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кыл аркан салуу үчүн дарактын бутагын, казыкты, ташты тандашып алышкандан кийин, аркандын илмек жагын чыканакка ороп, бош жагын учун кармашып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден аркандын чыканакта оролгон жагын бир колу менен кармап, бир канча жолу кыймылдаткандан кийин, шилтешип, бутакты көздөй ыргытышат. Аркан илмеги бутакка илингенден кийин, экинчи учун тартышат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Арканды көп жолу ыргытып бутакка илген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жөө баратып аркан салмай, жүгүрүп баратып аркан салмай, атта баратып аркан салмай.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күч тарбияланат, колдор менен кыймылдарды так аткарууга, аралыкты туура чамалоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]