Кыргыздардын улуттук маданияты 2012 (жыйнак китеп)

Wikipedia дан

Кыргыздардын улуттук маданияты: Тарых. Маданият. Мурас. Салт-нарк. Боордоштордун маданияты – 2012-жылы күзүндө Кыргызстандын борбору Бишкекте жарык көргөн маданий-жамаагаттык жыйнак. Аны Кеңеш Жусупов, Жылдыз Бакашова, Каныбек Иманалиев (Кыргызстан) жана Макелек К.Өмүрбай уулу (ШУАР, Кытай) биргелешип түзгөн.

Китептин редактору – академик, филология илимдеринин доктору Абдыганы Эркебаев. Китептин көлөмү - 972 бет.

Жыйнактын багыты, максаты[оңдоо]

Бул жыйнактын максаты - окурманга кыргыздардын байыртан берки маданиятын жана рухий мурасын кеңири тааныштыруу. Бул китептен окурман улуттун дүйнө таанымынан, элдик бай фольклорунан, акылмандыгынан, каада-салтынан, үрп-адатынан, ырым-жырымынан, макал-лакаптарынан кабар алат.

Буга чейин ар кандай басма сөздөрдө жарыяланган элдин рухий мурастары, асыл нарктары, дөөлөттөрү иргелип, ыраатка түшүрүлдү жана түшүндүрмө менен кошумчаланды. Ошондой эле чет жерде жашаган кыргыздардын маданиятынын айрым үлгүлөрү жарыяланды.

Китеп жаштарга, студенттерге жана жалпы эле кыргыздардын эзелтен келаткан маданият дүйнөсүнө кызыккан окурман жамаатына арналды.

Түзүүчүлөр:[оңдоо]

Кеңеш Жусупов - Кыргыз Эл жазуучусу,

Жылдыз Бакашова - филология илимдеринин доктору, профессор,

Каныбек Иманалиев - саясат таануу илимдеринин доктору, профессор,

Кармыштегин Макелек Өмүрбай - филология илимдеринин доктору, профессор.


Түзүүчүлөрдүн окурмандарга кайрылуусу[оңдоо]

Кыргыздар байыртан бери карт тарыхтын узак жолун татыктуу басып келген эл. Алар Түштүк Сибирдеги, Орто Азия чөлкөмүндөгү көчмөн элдердин ичинен эң улуусу болуп тарых барагында жазылган. Муну кытайдын эски жазмалары тастыктап турат. Кытайдын улуу тарыхчысы Сыма Цяндын (б.з.ч. 145 же 135–86) «Тарыхый жазмалар» («Ши-цзи») эмгегинде б.з.ч. 201-жылда кыргыздардын ордолуу журту жөнүндө малымат айтылат.

Кыргыз эли өткөн доорлордогу көчмөндүк турмушунда нечендеген алааматты, кордук-зомбулукту көрдү, заманага мүнөздүү болгон уруулук, эл арасындагы жер талашкан, мал талашкан жаңжалдарды, кандуу майдандарды баштан кечирди, ата журтун коргогон эрдиктерди жасап келди. Алар дээринен апааттан качкан, баскынчылыкка барбаган, коргонуучулук жоокердик ыкмасын колдонуп, Ала-Тоодон Саянга дейре куштар сыяктуу улам көчүп-конуп, байырлап жашады. Алар табиятка сыйынып, асмандагы жылдыздар аркылуу сапарга аттанып, улуу көчкө жүрүшкөн. Асман – жылдыз боюнча күндү-түндү, айды, жылды белгилешкен, аба ырайын билишкен. Көк Теңир байыркы бабалардын ыйыгы, жомогу, сыры болгон.

Көчмөндүк жоолашкан заманда кыргыздар жер-сууну тирүү жанга орток энчи деп баалашкан, Алтай-Саянга чейинки жолдогу улам ээлеген конушу алардын ата-журту катары ардакталган, аны жоодон кан-жанын төгүп, эрдик менен коргоп турган.

Мына ушундай тарыхый узак жашоосунда жана баскан жолунда кыргыздар артында бай маданий мурас калтырды. Кыргыздардын рухий маданиятына тили, аңызы, дүйнө таанымы, адеп-аклагы, өнөрү, адабияты, салты, сулуулукка баамчылыгы, тарбиясы, агартуусу, укугу, мамилеси, илими кирери белгилүү. Ал эми материалдык маданиятына элдин кийим-кечеси, турак жайы, тамак-ашы, үй буюмдары, кол эмгеги, унаалары жана башкаларын айтууга болот.

Кыргыздар бейпил замандарда бөлөк уруулар, эл менен маданий жана соода – байланыштарды жүргүзгөн. Тан доорунун жазмаларында байыркы кыргыздар кытай өлкөсүнө далай саам элчилерди, соодагерлерди жана жаштарды окууга, өнөр үйрөтүүгө жибергенин, маданий байланыштарды уюштурганын баяндайт. Улуу жибек жолунун удулунда жашаган кыргыздардын Күн Чыгыш жана Батыш өлкөлөрү, Тибет, Византия, Иран, Араб жана башкалар менен маданий, соода байланышы болгонун бир гана жазма тарыхта эмес, кыргыз тилинин, дининин, салтынын, эпосторунун, кол өнөрчүлүгүнүн мол тажрыйбасы далилдеп турат.

Эзелки кыргыз бабаларыбыз өздөрүн каадалуу элбиз дешкен. Кыргыздардын акылмандыгы, салттуу ырым-жырымы, жорук-жосуну, каада-салты, мырзалыгы байыркы экендигин жана бай экендигин ырастайт.

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов этнограф Какен Мамбеталиеванын элесине багышталган илимий жыйында. КУУ, Бишкек. 17.6.2010.

Байыркы кыргыздар ири салтанаттарды, майрамдарды, улуу күндөрдү, той-аш сыяктуу шаң күндөрдү, ырым-жырымдарды өткөрүшкөн. Ар кайсы жерлердеги урууларга, кошуна-колоңдорго, кандыктарга кабарлар, жарлыктар, чакырыктар кетип, кыргыздардын башы чогулуп, ага башка элдерден меймандар келип, каадалуу мааракелер болгон. Салттуу элдин каада-салттары көргөзүлүп, ат, төө жарыштырылып, улуттук оюндар уюштурулуп, бакшылар бийлеп, комуз чертилип, ыр ырдап, бата айтылып, бир нече күндөп шаан-шөкөт өткөн.

Теңирге, Умай энеге, жаратылышка сыйынганда, кыргыздар курмандык чалып, түлөө өткөрүп, нечендеген жөрөлгөлөрдү жасаган. Балдардын тоюнда, жаштар үйлөнгөндө, сапарга чыкканда, жолоочулап келгенде, жолго чыгарда, көчкөндө, жер которгондо, жаңы жыл тоскондо, элдик майрамдарда илгертен келаткан каада, эрежелери, шаңы сакталып, элдин аброю, маанайы көтөрүлгөн, бата, тилек, айтылып, ырлар ырдалган. Ушул жөрөлгө-жосунду жалпы жонунан элдик мурас деп атасак сөздүн көркү жарашыктуу болгудай.

Бабаларыбыз нечен кылым элдик мурастарды жашоо-тирилигине пайдаланышып, кандай азаптуу күн башына түшсө да, сабырдуулук менен чыдап, каада-салтсыз, ырымсыз жашаган эмес, анын барк-баасын жоготпой кылымдан кылымга этият сактап келишкен. Алардын эрдигине жана акылмандыгына ар бир кыргыз, келечек муун таазим этүү керек.

Бабалардын ооз эки түрүндө жашаган элдик мурасы ооздон оозго, атадан балага айтылып келип, XIX кылымга чейин ак кагаз бетине сыйган эмес. Араб арибин үйрөнгөн кыргыздардын айрым алгачкы сабаттуу молдолору, билимдүү атуулдары эл тарыхын жана маданиятын XIX кылымдын аягында кагазга жаза баштаган. Элдик мурасты чагылдырган кээ бир кол жазмалар ХХ кылымда барк алынбай, изилденбей, советтик идеологиянын капшабынан басмадан жарык көрбөй келген. Республика кийин эгемендүүлүккө чыкканда гана басмадан жарыяланып, жалпы окурманга маалым боло баштады.

Ырас, XIX–XX кылымдарда кыргыздардын жерин, элин, тарыхын жана маданиятын дүйнөлүк окурмандарга тааныштыруу максатында изилдөө жүргүзгөн орус, венгр, немис, казак ж.б. ак пейил окумуштуу-этнографтары, изилдөөчүлөрү болгонун унутпоого тийишпиз. Өкүнүчтүүсү – алардын эмгектери толугу менен кыргыз тилине алигиче которулбай келе жатканы.

Ошондой эле өздөрү адис аалым болушпаса да улуттун тарыхына, маданиятына жеке демилгеси менен берилип, ата журтту жөө-жалаңдап кыдырып, сөз, акыл, каада-салт, ырым-жырым, буюм-теримдерин, кол өнөрчүлүк өнөрлөрүнүн түрлөрүн, ооз эки чыгармачылыгын, санжырасын бирден чогултуп, илимий-популярдуу эмгектерди жазган кыргыз атуулдары чыкты. Алардын ооз эки чыгармачылык менен санжыранын негизинде жазылган эмгектери, дүйнөлүк илимий эмгектин аброюна жетпесе да, негизинен улуттук маанайда өз эли үчүн жазылган баяндоолору, божомолдору баамдуулугу, молдугу, даректүүлүгү, тилек-ниеттери азыркы өткөөл заманда, улуттун маданияты биротоло дүйнөлүк илимий калыпта изилденбей жатканда, элдин көбү маданияттан мурда материалдык дүйнөгө ык койгон кезде, маданияттан четтеп бараткан окурманга зор табылга.

Кыргыз маданиятынын тарыхы жөнүндө буга дейре нечендеген ар кыл эмгектер, китептер жарык көргөн. Маданияттын кээ бир тармактары боюнча айрым изилдөөлөр, энциклопедиялар бар болсо да, азыркы окурман кыргыз рухий дүйнөсүн ар кайсы эмгектерден издешип убара тартышат.

Китептин түзүүчүлөрү буга дейре кыргыз маданияты боюнча басмадан жарыяланган далай эмгектерге жана табылган кол жазмаларга абай салып, орундуу жерлерин топтоп, иреттеп, ушул китепти басмага даярдады. Айрыкча, каада-салт жана материалдык маданият боюнча китептерден алынган түшүндүрмөлөр, аныктамалар, баяндоолор кыскартылып же толукталып, тематикалык жагын байытуу максатында редакцияланды. Кыргыз маданиятынын байыркылыгын жана мол экендигин далилдөө максатында, эзелки улуттук аңыз, «Саймалуу таш» сүрөт галереясы, балбал таштагы байыркы руна сымал жазмаларыбыз, энесай доорундагы түркүн маданиятыбыз, жоокердик өнөр жөнүндөгү баяндоолор окурманга тартууланды.

Бул китепти түзүүдө бөлөк элдердин маданиятынын өсүп-өнүккөнү жөнүндөгү чыгармалар түрткү болду жана жыйнакка кыргыз илимпоздорунун, жазуучуларынын, маданият изилдөөсүлөрдүн эмгеги пайдаланылды.

Өзгөчө маданият изилдөөчүлөр Амантур Акматалиевдин этнографиялык эмгектери, Таштанкул Бөрүбаевдин «Кыргыз тамак-ашы», Кеңеш Жусуповдун «Кыргыздардын байыркы маданияты», Кыргыз улуттук илимдер академиясынын чыгарган «Каада-Салттар. Ак баталар» (29 т.) китептери орчундуу эмгек болду. Ошондой эле китептин соңунда пайдаланган бир нече адабияттын тизмеси берилди.

Жыйнак нака илимий китеп эместигин окурманга баса белгилемекчибиз жана андай максатты көздөгөн жок. Айрыкча кийинки учурда маданий мурастарыбызды билип-үйрөнүүгө солгун тартып баратканда, жашоо-тиричилигибизге, рухий дүйнөбүзгө жардамы тийер деген ак тилекте, бир нече эмгектин негизинде, популярдуу жыйнак түзүлдү. Азыркы тапта айрыкча китепке таңсык жаштарга, студенттерге, деле элибиздин маданиятына кызыккан жалпы окурманга пайдалуу деп ойлодук. Бул эмгек келечекте буюрса кыргыз маданиятынын илимий-популярдуу энциклопедиясын түзүүгө да өбөлгө гана болоруна ишенебиз.

Ушу китеп менен эле жалпы элдин маданияты, мурасы толугу менен текши чогултулуп, басмадан жарык көрдү деген ойдон алыспыз. Дагы биздин колго жетпеген китептер, жарык көрө элек кол жазмалар арбын экенине көзүбүз жетет. Ал эми бул китепти тактап, толуктап кайра басмадан чыгаруу келечектин иши. Кандайда болсо, эң алгачкы окурман колуна тийген жаңы эмгек-рухий чоң олжо.

Окурманга дагы эскертерибиз: китепте кыргыздардын байыркы жана орто кылымдагы, XIX–XX кылымдын башындагы рухий маданияты боюнча гана сөз жүрүп, ал эми ХХ кылымдагы кыргыз маданиятынын тагдыры, өсүп-өнүгүш жолу жөнүндө кеңири кеп козголбоду. Анткени, советтик замандын тарыхы жана маданияты жөнүндө эмгектер, китептер өтө жетишерлик эле басмадан жарык көрдү.

Кыскача адабият[оңдоо]

  • Кыргыздардын улуттук маданияты: Тарых. Маданият. Мурас. Салт-нарк. Боордоштордун маданияты / Түз.: К.Жусупов, Ж.Бакашова, К.Иманалиев, М.К.Өмүрбай уулу; Редактору академик Абдыганы Эркебаев. - Б.: 2012. - 972 б. - ISBN 978-9967-26-570-7.

  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. - ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.


Кеңеш Жусупов түзгөн жыйнактар (кыргыз тилинде)[оңдоо]

  • Кыpгыздаp: Санжыpа. Таpых. Муpас. Салт / Түзгөн К.Жусупов. — Бишкек: Кыpгызстан, 1991. — 2-том. — 576 б.
  • Кыpгыздаp: Санжыpа. Таpых. Муpас. Өнөp. / Түзгөн К. Жусупов. — Бишкек: «Соpос—Кыpгызстан» фонду, 1995. — 3-том. — 639 б.
  • Кыргыздар. Он томдук жыйнак / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. - Бишкек: Учкун, 2004. - Т. 1-10. - ISBN 9967-413-89-1.
  • Кыргыздар. Он төрт томдук жыйнак / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. - Бишкек: Бийиктик, 2011. - Т. 1-14. - ISBN 978-9967-13-792-9. (Китептин жарыкка чыгышына демөөрчү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Карганбек Самаков.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо]