Кыргызстан Азия оюндарында

Википедия дан
Туусу, оюндарда колдонулат
ЭОК коду:KGZ
УОК:Кыргызстан улуттук олимпиада комитети
'
Медалдар Алтын Күмүш Коло Баардыгы

Оруну: 28


5


23


38


66
Жайкы Азия оюндарынын катышуучусу
1994  • 1998  • 2002  • 2006 • 2010  • 2014  • 2018  • 2022
Кышкы Азия оюндарынын катышуучусу
1996  • 1999  • 2003  • 2007 • 2011  • 2017


Кыргыз Республикасынын спортчулары катышкан алгачкы мелдеш 1995-жылы Жапониянын Хиросима шаарында өткөн. Азыркы убакытка чейин Кыргыз спортчулары 46 медалга ээ болуп, алардын 3ү алтын, 17си күмүш жана 26сы коло медалдар.

Жайкы Азия оюндарында[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1994-жыл. Жапония, Хиросима[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгачкы ирет Кыргыз Республикасынын спортчулары катышкан Азия оюндары 1994-жылдын 2-16-октябрь аралыгында Жапониянын Хиросима шаарында өткөн. Анда 42 өлкөнүн 6 миң 800дөн ашуун спортчусу спорттун 34 түрүнөн 335 медалдар топтому үчүн күч сынашкан. Бул мелдеште Кыргыз Республикасынын спортчулары алгачкы ирет катышып жатканы менен 9 медаль жеңип алганга үлгүргөн. Медалчылардын арасында атактуу балбан Раатбек Санатбаев, веложарыш боюнча мыкты спортчу Евгений Ваккер бар. 9 медалдын 4ү күмүш медаль болсо, бешөө коло медаль болгон. Медалчылардын тизмеси: Күмүш медалдардын ээлери:

  • Грек-рим күрөш - Раатбек Санатбаев;
  • Эркин күрөш - Максат Бобурбеков
  • Веложарыш - Евгений Ваккер;
  • Ок атуу спорту - Юрий Ломов;

Коло медалдардын ээлери:

  • Грек-рим күрөш - Руслан Гебеков
  • Эркин күрөш - Нурдин Донбаев
  • Веложарыш - Кыргыз курама командасы 100 чакырым аралыктагы жарышта;
  • Оор атлетика - Митал Шарипов;
  • Заманбап айкалышкан беш спорт (сууда сүзүү, чуркоо, ок атуу, ат оюндары жана фехтования) - Кыргыз курама командасы.

1998-жыл. Таиланд, Бангкок[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан 2-ирет катышкан Азия оюндары 1998-жылдын 6-20-декабрь арылыгында Таиланддын Бангкок шаарында өткөн. Оюндарга 41 өлкөдөн келген 6 миң 500дөн ашуун спортчу катышкан. Алар спорттун 36 түрү боюнча 376 медалдар топтому үчүн күч сынашкан. Бул мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары 6 медаль жеңип алышкан. Алар 3 күмүш жана 3 коло медаль.

Медалчылардын тизмеси:

Күмүш медалдардын ээлери:

  • Грек-рим күрөшү: Раатбек Санатбаев;
  • Веложарыш: Евгений Ваккер;
  • Ок атуу спорту: Юрий Ломов;

Коло медалдардын ээлери:

  • Жеңил атлетика: Анна Чернцова; Николай Давыдов;
  • Ок атуу спорту: Кыргыз Республикасынын курамасы.

2002-жыл. Түштүк Корея[түзөтүү | булагын түзөтүү]

14-жайкы Азия оюндары 2002-жылдын 29-сентябрдан 14-октябрга чейин Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн. Мелдеште 44 өлкөнүн 7 миң 700дөн ашуун спортчу катышкан. Алар спорттун 38 түрү боюнча 419 медалдар топтому үчүн күрөшкөн. Бул оюндар Кыргыз спорту үчүн эң ийгиликтүү болгон, анткени малдешке барган 60 спортчу 12 медаль утуп алып, алардын арасында 2 алтын медаль да болгон. Алтын медалдарды Кыргыз капчыгына жеңил атлеттер Татьяна Ефименко жана Татьяна Борисова алып келишкен. Татьяна Ефименко бийиктикке секирүү боюнча мелдеште 1 метр 90 сантиметр жыйынтыгын көрсөтүп, каршылаштарына мындай көрсөткүчкө жетүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес. Ал эми Татьяна Борисова жөө жарыш боюнча мелдеште 2-орунга ээ болгон, бирок 1-орунду ээлеген индиялык спортчунун канында допинг табылган үчүн Борисова алтын медалды тагынган. Медалчылардын тизмеси: Алтын медалдардын ээлери:

  • Жеңил атлетика: Татьяна Ефименко; Татьяна Борисова

Күмүш медалдардын ээлери:

  • Грек-рим күрөшү: Данияр Көбөнов;
  • Эркин күрөш: Алексей Крупняков;
  • Веложарыш: Евгений Ваккер;
  • Заманбап айкалышкан беш спорт (сууда сүзүү, чуркоо, ок атуу, ат оюндары жана фехтования) - Кыргыз Республикасынын курамасы;

Коло медалдардын ээлери:

  • Грек-рим күрөшү: Уран Калилов;
  • Эркин күрөш: Улан Кадырбек уулу;
  • Кыз-келиндер арасындагы күрөш: Яна Панова;
  • Ок атуу спорту: Елена Костюкова;
  • Бокс: Таалайбек Кыдыралиев; Алексей Катулевский.

2006-жыл. Катар, Доха[түзөтүү | булагын түзөтүү]

15-жайкы Азия оюндары 2010-жылдын 1-15-декабрь аралыгында Катардын Доха шаарында өтүп, ага Азиянын 45 өлкөсү катышкан. Бул мелдеште спорттун 39 түрү боюнча 424 медалдар топтому ойнотулуп, ал үчүн 9 миң 500дөн ашуун спортчу ат салышкан. Кыргыз өлкөсүнөн бул ирет 100дөн ашуун спортчу катышууга жолдомо алып, спорттун 25 түрүнөн күч сынашкан. Спортчулар жалпы 8 медалга ээ болушуп, алардын 2өө күмүш жана 6сы коло медалдар болгон. Күмүш медалдарды жеңил атлет Татьяна Ефименко жана веложарыштын чебери Евгений Ваккер тагынышкан.

Медалдылардын тизмеси:

Күмүш медалдардын ээлери:

  • Жеңил атлетика: Татьяна Ефименко;
  • Веложарыш: Евгений Ваккер.

Коло медалдардын ээлери:

  • Грек-рим күрөшү: Данияр Көбөнов;
  • Грек-рим күрөшү: Руслан Түмөнбаев; Жанарбек Кенжеев; Нурбек Ибрагимов;
  • Эркин күрөш: Алексей Крупняков;
  • Кыз-келиндер арасындагы күрөш: Яна Панова.

2010-жыл. Кытай, Гуанчжоу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

16-жайкы Азия оюндары Кытайдын Гуанчжоу шаарында 2010-жылдын 12-27-ноябрь аралыгында өткөн. Мелдеште спорттун 42 түрүнөн 476 медалдар топтому ойнотулуп, ал үчүн 45 өлкөнүн 9 миң 700 спортчусу күч сынашкан. Кыргыз өлкөсүнөн бул мелдешке 145 спортчу катышып, спорттун 22 түрүнөн күч сынашкан. Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын спортчулары 5 медаль утуп алышкан, алардын 1и алтын, 2си күмүш жана 2си коло медаль болгон. Кыргыз Республикасынын тарыхында Азия оюндарынын 3-алтын медалын балбан Данияр Көбөнов утуп алган.

Медалчылардын тизмеси: Алтын медалдын ээси:

  • Грек-рим күрөшү: Данияр Көбөнов.

Күмүш медалдардын ээлери:

  • Грек-рим күрөшү: Каныбек Жолчубеков;
  • Кайык менен сууда сүзүү: Кыргыз курамасы.

Коло медалдардын ээлери:

  • Веложарыш: Евгений Ваккер;
  • Грек-рим күрөшү: Жанарбек Кенжеев;

2014-жыл. Түштүк Корея, Инчон[түзөтүү | булагын түзөтүү]

16-жайкы Азия оюндары 19-сентябрьдан 4-октябрга чейин Түштүк Кореянын Инчон шаарында өткөн. Мелдешке 45 өлкөнүн 9 миң 500дөн ашуун спортчусу келип, спорттун 36 түрүнөн 439 медалдар топтому үчүн күч сынашкан. Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 98 спортчу барып, спорттун 20 түрүнөн медалдар үчүн күрөшкөн. Азия оюндарынын жыйынтыгында Кыргыз спортчулары 6 медаль тагынган, алардын 2өө күмүш болсо, 4ү коло медаль болгон.

Медалчылардын тизмеси: Күмүш медалдардын ээлери:

  • Веложарыш: Евгений Ваккер;
  • Эркин күрөш: Магомед Мусаев;

Коло медалдардын ээлери:

  • Эркин күрөш: Эламан Догдурбек уулу;
  • Кыз-келиндер арасындагы күрөш: Айсулуу Тыныбекова;
  • Грек-рим күрөшү: Жанарбек Кенжеев;
  • Бокс: Турат Осмонов.

2018-жыл Индонезия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Медалдык эсептөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюндар боюнча медалдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жайкы Азия оюндары
Оюндар Алтын Күмүш Коло Баары
Америка Кошмо Штаттары 1996 Атланта 0 0 0 0
Австралия 2000 Сидней 0 0 1 1
Грекия 2004 Афины 0 0 0 0
Кытай 2008 Пекин 0 1 1 2
Улуу Британия 2012 Лондон 0 0 0 0
Бразилия 2016 Рио-де-Жанейро 0 0 0 0
Бардыгы 0 1 2 3
Кышкы Азия оюндары
Оюндар Алтын Күмүш Коло Баары
Кытай 1996 Харбин 0 0 0 0
Корея Республикасы 1999 Канвондо 0 0 0 0
Жапония 2003 Аомори 0 0 0 0
Кытай 2007 Чанчунь 0 0 0 0
Казакстан 2011 Алма-Ата 0 0 1 1
Жапония 2017 Саппоро 0 0 0 0
Бардыгы 0 0 1 1